Сүйүнчү! Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

© пресс-служба ГАФКиСЧемпионка мира по женской борьбе среди юниоров Айпери Медет кызы
Чемпионка мира по женской борьбе среди юниоров Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Кыргызстандын улан-кыздар арасындагы биринчиликтеги тунгуч алтын медалы

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул туурасында Күрөш боюнча биргелешкен дүйнө сайтында жазылган. 

Таймаш 1-августтан бери Финляндияда өтүп жатат. Ал 6-августта аяктайт.

Айпери Медет кызы 72 килограммдык категорияда ат салышкан. 1/8 финалда Швециялык спортчу Сабина Макота Строем 4:6 эсебинде жеңип алды.

Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло тагынды
Чейрек финалда итальялык Елени Пьоллайга жеңилүү ызасын тарттырган. Таймаш эсеби 8:0 менен аяктаган.

Жарым финалда Айпери 26 секунда ичинде 10 упай топтоп, жеңишти өзүнө жакындатты. Атаандашы россиялык Кристина Шумова болду.

Ал эми тагдыр чечкен башкы кармашта кыргызстандык кыз япониялык Ясуху Мацуюкини 8:6 эсебинде жеңди. 

Бул Кыргызстандын үчүнчү медалы. Буга чейин өлкөнүн медаль куржунун Акбар Кенжебек уулу жана Мээрим Жуманазарова эки коло менен толтурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0