"Азия жолборсу" Эмилбеков: атаандашты боорго тээп сулаттым, мен аео дегенди билбейм!

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоец ММА Самат Эмилбеков
Боец ММА Самат Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ММА боюнча белгилүү мушкер Самат Эмилбеков 12-ноябрда Сербия мамлекетинде өтө турган европалык "Megdan fight" уюмунун алкагында жергиликтүү спортчу Марко Радакович менен чемпиондук курду талашат.

Эмилбековдун учурдагы Sherdog (спортчулардын рейтингин аныктаган белгилүү интернет-портал — ред.) боюнча көрсөткүчү 10-3-0. Рингдеги каймана аты "Азия жолборсу". Машыктыруучусу — Эмил Токтогонов.

Журналист Гүлдана Талантбекова спортчулар айыгышкан беттешке кантип даярданары тууралуу билип көрдү.

— Самат, бир нече айдан кийин чемпиондук кур үчүн күч сынашат экенсиз. Айтсаңыз, атаандаш тууралуу укканда кандай кадамдарды баштадыңыз?

— Бардык спортчулар сыяктуу интернеттеги видеосунан артыкчылык, кемчилик жактарын караштырып жатабыз. Ноябрга чейин кенен убакыт бар. Ал ортодо WEF уюмунда дагы бир беттеш өткөрүүнү пландап жатам. Андан кийинки машыгуу үчүн бир айга Россиядагы Хабиб Нурмагомедовдун клубуна кетем.

— Беттешке чукул даярдыкты кененирээк айтып берсеңиз?

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
— 15 күн калганда диетага отуруп, катардан камыр, таттуу, туздуу тамактарды чыгарабыз. Жер-жемиш, белогу бар тамактарды көбүрөөк колдонуп, кечки алтыдан кийин тамакты токтотобуз. Атайын диетологдордун кеңешин алып турабыз.

Беттешке чукул 9-10 киллограм салмак таштайм. Негизи өзүм 77 килограммдык категорияда мушташам. Ал үчүн сууну көбүрөөк ичип, машыгууларды күчөтөбүз. Башкысы тер чыкса эле салмактан түшөсүң.

— Ойлогон салмакка жете албай кыйналган учурлар болду беле?

— 2015-жылы Дагестан менен Кыргызстандын ортосундагы беттеште атаандашым 77 киллограм болуп чыкса, мен андан эки киллограмга көбүрөөк болуп калгам. Негизи тең чыгышыбыз керек эле. Анын машыктыруучусу "салмакты түшүр" деп туруп алды. Ошентип бир күндө 1.800 килограммды кетиргем.

— Бир эле күндөбү? Кантип?

— Таанымал спортчу Актилек Жумабек уулу (каймана аты "Алгыр" — ред.) экөөбүз мончодо атайын термо кийимдерди кийип, буу бөлмөдө кечке отуруп тер менен чыгарганбыз. Аз убакыттын ичинде салмакты түшүрүп, денем кайра калыбына келгенге жетишпей калды. Жыйынтыгында жеңилүү ызасын тарттым. Экинчи мындай кайталанбайт деп ойлойм. Убагында салмакты куубай коюу — спортчулар үчүн чоң ката. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМушкер Самат Эмилбеков: Дагестандык мушкер Багаутдин Абасовду уткандан кийин WEF уюму "Азия жолборсу" каймана атын ыйгарган
Боец ММА Самат Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Самат Эмилбеков: Дагестандык мушкер Багаутдин Абасовду уткандан кийин WEF уюму "Азия жолборсу" каймана атын ыйгарган

— Анан салмакка түшкөндөн кийин "көз караштар дуэли" болот эмеспи. Ошондо эмнеге спортчулар чабыша кетишет?

— Көбү моралдык жактан бири-бирин сындырам деп ойлошот. Менде андай кадамдар болбойт. Кыйындыгыңды рингден көрсөтүшүң керек, чыккандан кийин утулуп калсаң уят эле болосуң.

— Биздин спортчулардын беттештерде физикалык даярдыгы жакшы болгону менен, психологиялык жактан аксап калганы иш жүзүндө көрүнүп турат. Моралдык даярдыгыңыз тууралуу эмне айта аласыз?

— Чындыгында биздин спортуларга кыйын эле. Мурун Швецияда машыгууга барганда спортчуларды 5-6 машыктыруучу айланчыктап турарын көрүп келгем. Бири тамагын, экинчиси ден-соолугун, күчүн даярдашат экен. А бизде бир машыктыруучу ондон ашык баланы карайт.

Спортчуларыбыздын көбү Кыргызстанда урушуп жүрүп, чет мамлекеттеги турнирлерге чыкканда өзүн жоготуп коет. Форма жагынан миң мыкты болгонуң менен, баары бир моралдык жактан сынып каласың.

— Сизде андай учур болду беле?

— Рингге жаңы чыгып жүргөн маалда Ирандагы турнирде кеченин башкы беттешине чыкмакпыз. Урушка чукул коркуу сезими күчөп, бурулуп алып кетким келген. Биринчиден, чоочун эл, чоочун жер, экинчиден ысык аба ырайы муунтуп туруп алды. Бирок кудайдын буйругу менен атаандашты утуп алдым.

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченконун UFCге карай жолу. Жер сүзгөн мушкер кыздар, канжалаган беттер
— Жеңишке жеткендеги сезим түшүнүктүү. Утулуп калганда кандай абалда болосуздар?

— Акыркы жолу Ахмат Кадыровдун турниринде атаандашка техникалык нокаут менен утулуп калдым. Жеңилгенде бир жума өзүңдү жейсиң. Эч кимди көргүң келбей, телефон чалууга да жооп бергиң келбей калат. Бир жагынан машыктыруучуң да наалат айтат.

— Ошондо эмнеге утулдум деп ойлойсуз?

— Организмдеги керектүү витаминдин жетишсиздигинен болду окшойт. Ал витаминдердин баасы миң долларды чапчыгандыктан, демөөрчүлөрдөн колдоо болбой калды.

— Спортчулар утулганын мойнуна албайт дешет?

— Кесипкөй спортчу утулганды да билиши керек. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп кызыл чеке болгондорду түшүнө бербейм. Менин учурумда деле калыстар адилеттен тайганда, унчукпай башты жерге салып рингден кетип калганбыз. Утулууну жеке күнөөм деп кабыл алам.

— Турнирге барган-келгендин акысы, тамак-ашыңар кандай болот?

— Чакырган уюм болгон каражатты көтөрүп берет. Биздин милдет — жакшы даярдык менен мыкты беттеш көрсөтүп берүү. Жыйынтыганда Sherdog көрсөткүчүң толот, акчалай да сыйлыктар берилет. Сыйлыктын өлчөмү мененджериңдин сүйлөшкөнүнө жараша болот.

— Кайсы беттеш өзүңүзгө көбүрөөк жагат?

— Былтыр октябрда Москвада өткөн WEF турниринин Proffight версиясында атаандашым, джиу- джитсу боюнча дүйнөнүн чемпиону Имам Атаевди экинчи раундда боорго тээп, нокаутка кетиргем. Бул эстен кеткис салгылашуу болгон. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Спортчуларыбыздын көбү Кыргызстанда урушуп жүрүп, чет мамлекеттеги турнирлерге чыкканда өзүн жоготуп коет" — дейт мушкер Эмилбеков
Боец ММА Самат Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
"Спортчуларыбыздын көбү Кыргызстанда урушуп жүрүп, чет мамлекеттеги турнирлерге чыкканда өзүн жоготуп коет" — дейт мушкер Эмилбеков

— "Боорго тээп" дегениңизди иш жүзүндө элестетип жатам. Албетте, спортто бири утуп, экинчиси утулушу керек. Ошентсе да адамдык сапатка салып аяп койгон учурлар болобу?

— Менде аео деген жок. Алдыга келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек.

— Сизге "Азия жолборсу" каймана аты эмнеден улам ыйгарылып калган?

— Дагестандык мушкер Багаутдин Абасовду уткандан кийин WEF уюму ыйгарган. Бул жөн гана каймана ат эмес, беделдүү наам болгондуктан жоопкерчилиги чоң.

— Негизи башынан эле ММАди тандабасаңыз керек?

Боец по смешанным единоборствам (ММА) Тилек Машрапов - Sputnik Кыргызстан
АКШны багындырган таш муштум Машрапов: Россияга эл катары үй-бүлөмдү багам деп баргам
— Кичинекей кезимде Токтогул шаарчасынан эркин күрөш менен машыга баштадым. Кийин №5 кесиптик лицейинен курулуш жагын окуп, Россияда практикада жүрүп бир жылдай дзюдо менен машыктым. Бишкекке келгенде колумду да күчкө келтирейин деп кикбокска жазылдым. Ал эми эрежесиз мушташка досумдун сунушу менен келип калгам. Залдагы машыктыруучунун көзүнө илинип, бир жылдан кийин жакшы жыйынтык көрсөтө баштадым. Жалпысынан эрежесиз мушташта жүргөнүмө алты жыл болду.

WEF-6 GRAND PRIX 2016 21/10/2016

Публикация от Professional MMA fighter (@samat_emilbekov_mma) Окт 21 2016 в 11:10 PDT

— Спортко болгон мамилеңиз кандай?

— Мен үчүн спорт — хобби, өзүңдү таанытуу деп ойлойм. Каражат тапкыдай жумуш эмес. Кудайга шүгүр, спорттун аркасы менен дос-тааныш күттүм, эл-жер көрдүм дегендей. Борбордогу МУИТ окуу жайынан архитектура боюнча билим алгам.

— Сизге колдоо көрсөткөн адамдар кимдер?

— Биринчи кезекте үй-бүлөм, өзгөчө апам. Апам өзү КЭУ окуу жайынын баскетбол боюнча курама командасында ойночу. Спортту абдан жакшы түшүнөт. Чыга турчу беттештеримдин баарынан кабардар болуп турат. Таенем, тескерисинче, мени аяйт. Өкүнгөнүм, 2009-жылы атам каза болуп калды. Кичүү иним да спорт тармагына аралашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0