Дүйнө чемпионатында финалга чыккан кыргызстандык балбандын экөө тең жеңилип калды

© Фото / Facebook / United World WrestlingКыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеко
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги Финляндиянын Тампере шаарында өттү

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча жаштардын дүйнө биринчилигинде финалга чыккан кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Роман Ким атаандаштарына жеңилип, күмүш медалга ээ болушту.

Чемпионат Финляндиянын Тампере шаарында өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен америкалык Камал Амир Бэюм - Sputnik Кыргызстан
Күрөш: Акжол менен америкалык мушкердин кармашуусу интернетке тарады
Биринчи болуп килемге чыккан Шаршенбеков 55 килограммдык салмакта беттешип, түркиялык балбан Керем Камалга 12:3 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми 120 килограммдык салмак категориясында беттешкен Роман Кимди грузиялык балбан Звиад Патаридзе 6:2 эсеби менен утту.

Эскерте кетсек, 1-августта Финляндияда башталган эркин, грек-рим, жаштар арасында жана кыздар күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат 6-августта жыйынтыкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0