БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Азия чемпионатында күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азия чемпионаты 6-сентябрда Өзбекстанда башталат.
Ташкенттеги мелдешке Кыргызстандын атынан Станислав Карнаухов, Кирилл Вайс, Темирлан Каратаев, Елизавета Рогожникова, Азиз Сансызбаев, Кристина Панасенко жана Асылбек Усенканов катышат.
Учурда спортчулар машыгууларын Ысык-Көлдө өткөрүүдө.