Пекин Олимпиадасында күнү тууган спортчуларыбыз кайда?

© AP Photo / Ed WrayБорец Канатбек Бегалиев
Борец Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 9 жыл мурун, тагыраагы 2008-жылы 8-августта Бээжиндеги XXIX Олимпиада оюндары башталган. Анда Кыргызстандан 20 спортчу ат салышып, бирден күмүш жана колону эңип келип, кийинчерээк куржунга дагы бир коло медаль кирген.

Журналист Гүлдана Талантбекова Пекин Олимпиадасында жылдызы жанган ата мекендик спортчулардын учурдагы абалы тууралуу билип көрдү. 

© AFP / VALERY HACHEАлбан Канатбек Бегалиев (солдон биринчи)Пекинде өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Албан Канатбек Бегалиев (солдон биринчи)Пекинде өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында

"Күмүш бала" — Канатбек Бегалиев

Пекинде өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында тайманбас балбан Канатбек Бегалиев биринчи жолу күмүш медаль тагынып, кыргыздын атын алыска тааныткан. Олимпиадада төрт атаандашын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн талапкер болгон. Өз салмагынын алтын байгеси үчүн Бегалиев франциялык балбан Гуено Стив менен беттешип, жеңиш атаандашына буюрган.

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
Даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канатбек 1984-жылы 14-февралда Таластагы Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршекеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Майрамбек Ахметов. Спортчу Олимпиада оюндарына чейин грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын (2006) күмүш жана Азия чемпионатынын (2007) алтын медалын багындырган.

Эгемен болгону олимпиадалык алгачкы күмүш медаль утуп келген Бегалиев 2012-жылдан бери Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу. Учурда чакан ишкерлик менен алектенип жатат. 35 жаштагы Бегалиев жубайы менен 5 баланы тарбиялайт. 

© AFP / VALERY HACHEРуслан Түмөнбаев (оңдон экинчи)
Награждение призеров олипийских игр в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Руслан Түмөнбаев (оңдон экинчи)

Жаштыгында жалындаган Руслан Түмөнбаев

Руслан Түмөнбаев — кыргыз спортчуларынын арасында эң жаш, 22 жаш курагында дүйнөнү багындырып, Азиянын чемпиону аталып, Пекин олимпиадасында коло медалга ээ болгон балбан.

Түмөнбаев 1986-жылы 28-майда Бишкек шаарында туулуп, КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. Олимпиада оюндарына чейин 2006-жылы Дохадагы 15-Азия оюндарында коло байге, 2007-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында коло медаль тагынган. 2008-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында Азия чемпиону аталган. Устаттары — эмгек сиңирген машыктыруучулар Амиркул Молдобаев менен Эмил Алыкулов.

2014-2017 жылдын январь айына чейин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп эмгектенген. Маалым болгондой, Түмөнбаев кызматын тапшыруу тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган. 31 жаштагы Түмөнбаев 1,5 жыл мурун бойдокчулук менен кош айтышкан. 

© Фото / предоставлено федерацией борьбы КРБазар Базаргуруев
Спортсмен из Кыргызстана Базар Базаргуруев - Sputnik Кыргызстан
Базар Базаргуруев

Тогуз жылдан кийин коло алган — Базар Базаргуруев

Боец ММА Самат Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
"Азия жолборсу" Эмилбеков: атаандашты боорго тээп сулаттым, мен аео дегенди билбейм!
Пекин Олимпиадасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан чыккан Базар Базаргуруев алгач албаниялык балбанды жеңип, чейрек финалда украиналык Василий Федоришинге утулуп калган. Анын финалга чыгышы менен коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган. Чечүүчү беттеште япониялык Кеничи Юмото эки упай менен жеңишти илип кеткен. Былтыр Федоришиндин канынан кызытма табылган соң байге кийинки орунду ээлеген Базарга буюрган. Ошентип бешинчи орунду алган эркин күрөштүн балбаны Базар Базаргуруевге коло байге ыйгарылган.

Бурят улутундагы Базар Базаргуруев 1985-жыл 9-январда Россиянын Чита облусунун Челутай айылында туулган. 2007-жылдан тарта Кыргызстандын атынан чыга баштаган. Олимпиада оюндарына чейин Азия чемпиону (2007-жылы Бишкек шаары), Азия чемпиондугунун коло байге ээси (2009-жылы, Таиланд), Дүйнө чемпиондугунда коло байгени (2007-жылы Баку шаары) багындырган.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнкановдун айтымында, Базаргуруев 2016-жылы үй-бүлөсү менен Россиянын Агинск районундагы Судунтуй айылына көчүп кеткен. Айылда атасынын малын багышып, жаш балдарга тажрыйбасы менен бөлүшүп машыктыруучулукту аркалайт. 32 жаштагы Базар келинчеги Дарина менен эки уулду тарбиялайт. 

© AFP / JUNG YEON-JEУлан Молдодосов
Тяжелоатлет Уланбек Молдодосов - Sputnik Кыргызстан
Улан Молдодосов

Оор атлетиканын келечегинен үмүттөндүргөн Улан Молдодосов

2008-жылы Олимпиадада оор атлетика боюнча күч сынашууга Азия чемпиону Улан Молдодосов гана укук алган. Ал негизги оруна илинбесе да, жакшы оюн көргөзүп 6-орунга татыган.

Белгилүү спортчу Өмүржан Молдодосовдун уулу Улан Молдодосов 1976-жылы 18-июнда Токтогул районунда төрөлгөн. 11 ирет өлкөнүн чемпиону аталып, төрт жолу жылдын мыкты спортчусу болгон. Азия кубогунун, Азия чемпионатынын, Дүйнөлүк универсиаданын коло медалынын ээси, Ислам тилектештик оюндарынын жеңүүчүсү, Олимпиада оюндарынын катышуучусу.

41 жаштагы Улан Молдодосов 2010-жылдан тарта Бишкек шаарындагы оор атлетика мектебинин жетекчиси жана оор атлетика боюнча федерациянын вице-президенти. Жубайы Асел менен эки баланы тарбиялашат. 

© AP Photo / Saurabh DasАрсен Гитинов (көк формада)
Борец из Кыргызстана Арсен Гитинов (синий) - Sputnik Кыргызстан
Арсен Гитинов (көк формада)

Алдыңкы орундан куру калтырбаган Арсен Гитинов

Авар улутундагы Арсен Гитинов Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан чыгып, (74 киллограмм салмакта) 8-орунга татыган.

Олимпиадалык байгени багындырган кыргызстандыктар
Ал 1977-жылы 1-июнда Дагестандын Тлондода айылында туулган. 2005-жылы Россиянын чемпион аталып, 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарда күмүш тагынган.

40 жаштагы Гитинов 2009-жылы өз мекенине кайткан. Пекин Олимпиадасынын тушунда Кыргызстандагы эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу болгон Анарбек Үсөнкановдун айтымында, учурда Гитинов Дагестанда күрөш боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу. Кыргызстандык агайы менен сүйлөшүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0