UEFA: жылдын мыкты футболчусун аныктоо үчүн үч талапкер аныкталды

© AFP / LLUIS GENE Испанский суперкубок между "Барселоной" и "Реалом"
Испанский суперкубок между Барселоной и Реалом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган футболчуларды 80 клубдун машыктыруучуларынан жана 55 журналисттен турган атайын калыстар тобу тандаган

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. UEFA уюмунун версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу наамына үч талапкер аныкталды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында кабарланды.

Бразильский футболист, нападающий французского клуба Пари Сен-Жермен Неймар - Sputnik Кыргызстан
12 күндө миллион евро тапкан Неймардын кирешеси онлайн эсептелүүдө
Андагы маалыматка ылайык, тизмеге "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду, "Барсанын" оюнчусу Лионель Месси жана "Ювентустун" дарбазачысы Жанлуиджи Буффон кирди.

Аталган футболчуларды 80 клубдун машыктыруучуларынан жана 55 журналисттен турган атайын калыстар тобу тандаган.

Добуш берүү учурунда үч футболчу менен кошо алдыңкы ондукка Лука Модрич, Тони Кроос, Пауло Дибала, Серхио Рамос, Килиан Мбаппе, Роберт Левандовски, Златан Ибрагимовичтер кирген.

Мындан сырткары, мыкты футболчу кыз наамына дагы талапкерлер аныкталды. Алар: Пернилле Хардер, Женифер Марожан жана Лике Мартенс.

Мыктылар 24-август күнү аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0