WEF Global: кыргыз мушкерлери кыл чайнашат

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир Федерации эртаймаш кулатуу WEF-4
Международный турнир Федерации эртаймаш кулатуу WEF-4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу эр таймаш федерациясынын эң беделдүү сериясы Global болуп эсептелинет

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 8-сентябрда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында WEF Global-9 турнири өткөрүлөт. Бул тууралуу WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

Анын айтымында, турнирде кыргызстандык спортчулар арасында ММА боюнча чемпиондор аныкталып, Sherdog аталышындагы белгилүү интернет-порталга жыйынтыктары чыгарылат.

"Биздин максат биринчи кезекте өзүбүздүн мыкты мушкерлерди аныктап алуу. Турнирдин кызуу беттеши Ариет Бекишев менен Мырзамидин Пазылов жана Бектемир Азимжан уулу менен Ринат Саякбаевдин ортосунда орун алып, "октагандо" чемпиондук кур үчүн ат салышат. Турнирдин жалпы чыгымы 2 миллион сомду түзөт", — дейт Кыдырмышев.

Ошондой эле 27-августта WEF Proffight турнири Ат-Башыда жана Москвада бир күндө өткөрүлөт.

WEF беттештери 4 серияда өтөт. Алар: Спорт сүйүүчүлөр үчүн — Amateur, тандап алуу — Selection, орто деңгээлдеги мыктылар — Proffight, эң күчтүү мушкерлердики — Global.

Жаңылыктар түрмөгү
0