Кыргызстанда алгачкы "темир айым" пайда болду

© Фото / Федерация Триатлона КРЮлия Фернас финишировала на IronMan в Копенгагене
Юлия Фернас финишировала на IronMan в Копенгагене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
IronMan наамына ээ болуу үчүн кыргызстандык спортчу Копенгагенден узак аралыкты басып өткөн

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы "темир айым" пайда болгонун Триатлон федерациясынан билдиришти. 

© Фото / Федерация Триатлона КРЮлия Фернас — Кыргызстандын алгачкы "темир айымы"
Юлия Фернас финишировала на IronMan в Копенгагене - Sputnik Кыргызстан
Юлия Фернас — Кыргызстандын алгачкы "темир айымы"

Юлия Фернас кечээ түндө Копенгагенде (Дания) IronMan 140.6 аталышындагы дистанцияны багындырды. Мындай сыноодон өткөн спортчуларга "темир адам" наамы ыйгарылат.

Чемпионка КР по рукопашному бою Бегимжан Касымова - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Бегимжан: жигиттер спортчу экенимди билгенде "житип" кетет
Фернас 3,8 чакырым аралыкты сүзүп өтүп, 180 чакырымды велосипед менен багындырган. Ошондой эле 12 саат 31 мүнөт 43 секундада 42 чакырым аралыкты чуркап өткөн.

Ферная бул дистанцияны багындыруу үчүн бир жыл даярдык көргөн.

Буга чейин Кыргызстандан болгону төрт спортчу көрсөтүлгөн аралыкты багындыра алган. Алардын катарында федерациянын вице-президенти Канат Келсинбеков менен бизнесмен Чыңгыз Алканов бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0