Кыргыз улакчыларынын Астанадагы чырлуу оюну. Соңку чечим чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасынын оюнчусу. Архив
Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасынын оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан командасы бүгүн эртең менен така чырынан улам программа боюнча Монголия менен беттешүүгө белгиленген убакытта чыкпай калганы үчүн оюндан жеңилди деп эсептелинген

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргыз улакчылары Монголия менен беттешүүгө чыгат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Мыкты улакчы Манас: Астанага аттанаар алдында улуттук командадан чыгарып коюшту
Эскерте кетсек, Кыргызстан командасы бүгүн эртең менен така чырынан улам программа боюнча Монголия менен беттешүүгө белгиленген убакытта чыкпай калганы үчүн оюндан жеңилди деп эсептелинген.

Казак улуттук спорттун түрлөрү боюнча ассоциациянын биринчи вице-президенти Ерлен Оспанов эреже боюнча оюнга чыккан командалар аттын арткы бутундагы такаларын чечилиш керек болчу деген пикирин айткан.

Саматов эки ортодо түшүнбөстүктөр жаралып кеткенин белгиледи.

"Сүйлөшүүлөрдүн соңунда кайра Монголия менен беттешке чыгары туурасында чечим чыкты. Бирок азырынча оюндун убактысы белгилүү боло элек", — деди Саматов.

Ошондой эле ал аттардын арткы буттарынын такасын чечүү көкпардын эрежеси деген менен жаратылыштын мыйзамдары эрежеден жогору турарын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Казакстанда "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген "көкпар" (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты 20-28-август күндөрү Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0