Алгачкы жеңиш! Кыргыз улакчылары Монголияны утуп алды

© Sputnik / Алия СамидинАстанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргыз улакчылары Монголия командасын 4:0 эсебинде утуп алды
Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргыз улакчылары Монголия командасын 4:0 эсебинде утуп алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Астанада "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жатат

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргыз улакчылары Монголия командасын 4:0 эсебинде утуп алды.

Эч кимге моюн бербегиле! Кыргыз улакчыларын шыктандырган видео - Sputnik Кыргызстан
"Эч кимге моюн бербегиле!" Кыргыз улакчыларын шыктандырган видео
Көк бөрүчүлөр улактын ордуна муляж тартып, аны тай казанга эмес, оюн талаасына чийилген тегерек чийиндерге салышты. Оюндун экинчи бөлүгүндө Монголиянын бир оюнчусу тартип бузганы үчүн оюндан четтетилди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан командасы бүгүн эртең менен така чырынан улам программа боюнча Монголия менен беттешүүгө белгиленген убакытта чыкпай калганы үчүн оюндан жеңилди деп эсептелинген. Бирок сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп кайрадан мелдешке катышмай болушкан.

Казакстанда "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген "көкпар" (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты 20-28-август күндөрү Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0