Астана: кыргыз көкбөрүчүлөрү Түркия командасынын чаңын сапырды

© Sputnik / Табылды КадырбековСоревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке
Соревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эртең, 24-августта Тажикстандан келген улакчылар менен беттешет.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Астанада өтүп жаткан көкбөрү бөюнча дүйнө чемпионатында кыргыз улакчылары менен Түркиянын командасы беттешти.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө...
Эки өлкөнүн таймашы белгиленген убакыттан бир сааттай кечигип башталды. Натыйжада улуттук курама команда атаандаштарын 13:3 эсебинде жеңип чыкты.

Кыргызстан эртең, 24-августта Тажикстандан келген улакчылар менен беттешет.

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фонду 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Үчүнчү орунга 2 миллион теңге (413 миң сом), экинчи орунга 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом) коюлган. Ал эми баш байгени багындыргандар 10 миллион теңгеге (2 миллион 68 миң сом) ээ болот.

Белгилей кетсек, Казакстанда "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген көкпар оюну боюнча дүйнө чемпионаты 21-августтан 27сине чейин өткөрүлөт.

Сборная Кыргызстана на Чемпионате мира по кокпару в Астане - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү: Кыргызстан — Түркия беттеши. Тексттик трансляция
Казактардын көкпар оюну көк бөрүдөн айырмаланып улактын ордуна муляж тартылат. Тайказан жок, улак диаметри 3 метр болгон тегерек чийинге ташталат. Оюн талаасынын узундугу 220, туурасы 70 метр. Оюн үч эмес, эки бөлүк менен өтөт. Тыныгууга 10 мүнөт берилет. Мында командалар муляжды атаандашынын чийинине эмес өзүнүкүнө алып келип ташташ керек.

Мелдештин биринчи күнүндө ойногон командалардын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болгон:

  • Кыргызстан — Монголия: 4:0
  • Казакстан — Афганистан: 9:2
  • Өзбекстан — Тажикстан: 3:1
  • Түркия — АКШ: 3:1
  • Россия — Венгрия: 7:1

Азербайжан оюнга катышпай калганы үчүн Кытайдын командасы автоматтык түрдө жеңүүчү деп табылган.

Мелдештин экинчи күнүндө ойногон командалардын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • Монголия — АКШ: 10:4
  • Тажикстан — Түркия: 12:2
  • Кыргызстан — Өзбекстан: 11:2
  • Афганистан — Венгрия: 12:2
  • Кытай — Россия: 5:0

Азербайжан мелдешке катышпай калганы үчүн Казакстан командасы бул күнү оюнга чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0