Астана: көк бөрүнүн үч күнкү жыйынтыгы. Алдыга озуп чыккан өлкөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУчастник национальной игры "Кок-бору" во время соревнований. Архивное фото
Участник национальной игры Кок-бору во время соревнований. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнү соңуна чыкты. Өлкө намысын талашып жаткан улуттук курама команда Монголия, Өзбекстан, Түркия өлкөлөрү менен таймашып чоң айырма менен жеңип келе жатат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Казактардын көкпар оюну көк бөрүдөн айырмаланып улактын ордуна муляж тартылат. Тайказан жок, улак диаметри 3 метр болгон тегерек чийинге ташталат. Оюн талаасынын узундугу 220, туурасы 70 метр. Оюн үч эмес, эки бөлүк менен өтөт. Тыныгууга 10 мүнөт берилет.

Мында командалар муляжды атаандашынын чийинине эмес өзүнүкүнө алып келип ташташ керек. Ошондой эле аттардын арткы туяктарынын такасы чечилет. Мелдеш 21-27-август күндөрү Астананын "Казанат" стадионунда өтүп жатат.

Астанада намыс талашып жаткан кыргыз улакчылары оюндан кийин. Видео - Sputnik Кыргызстан
Астанада намыс талашып жаткан кыргыз улакчылары оюндан кийин. Видео
Мелдештин "А" тайпасына Кыргызстан, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан кирген. Ал эми "В" тайпасында Казакстан, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай жана Афганистан болуп 12 мамлекеттин катышаары алдын ала айтылган. Бирок Азербайжан улакчылары белгисиз себептер менен келбей калды.

Аталган өлкөлөрдүн ичинен бир гана кыргыз көк бөрүчүлөрү өз аргымактарын жем-чөбү менен кошо алып барган. Ошондой эле аттарынын такаларын чечпей ойноп жатышат. Мелдештин башында көкпардын уюштуруучулары оюндун эрежесине такап, арткы туяктарынын такасын чечүү талабын койгондо кыргыз тарап макул болбой оюндан баш тартарын айткан. Кийинчерээк сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп ат такасын чечпей чыгууга уруксат берилген.

Бүгүн оюндун үчүнчү күнү соңуна чыкты. Sputnik Кыргызстан агенттиги көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыктарын сунуштайт.

Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы:

  • Кыргызстан — Монголия: 4:0
  • Казакстан — Афганистан: 9:2
  • Тажикстан — Өзбекстан: 3:1
  • Түркия — АКШ: 3:1
  • Россия — Венгрия: 7:1

Азербайжан оюнга катышпай калганы үчүн Кытай автоматтык түрдө жеңүүчү деп табылган.

Мелдештин экинчи күнүнүн жыйынтыгы:

  • Монголия — АКШ: 10:4
  • Тажикстан — Түркия: 12:2
  • Кыргызстан — Өзбекстан: 11:2
  • Афганистан — Венгрия: 12:2
  • Кытай — Россия: 5:0

Азербайжан мелдешке катышпай калганы үчүн Казакстан командасы бул күнү оюнга чыкпады.

Мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы:

  • Кыргызстан — Түркия: 13:3
  • Казакстан — Россия: 15:3
  • Тажикстан — АКШ: 9:2
  • Монголия — Өзбекстан: 8:4
  • Венгрия — Кытай: 8:2

Азербайжан мелдешке катышпай калганы үчүн Афганистан командасы бул күнү оюнга чыккан жок.

Үч күндүн жыйынтыгы менен "А" тайпасындагы упайлык эсептер:

  • Кыргызстан — 9 упай
  • Тажикстан — 9 упай
  • Монголия — 6 упай
  • Түркия — 3 упай
  • Өзбекстан — 0
  • АКШ — 0

Бул тайпада лидерлик кылып келе жаткан Кыргызстан менен Тажикстандын улакчылары эртең оюн талаасына чыгат.

Үч күндүн жыйынтыгы менен "В" тайпасындагы упайлык эсеп:

  • Казакстан — 9 упай
  • Кытай — 6
  • Россия — 3 упай
  • Венгрия — 3 упай
  • Афганистан — 3 упай

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө...
Оюндун төртүнчү күнүндө эң көп упай менен алдыда келе жаткан Казакстандын командасы кытайлык улакчылар менен беттешет.

Эки тайпадан эң көп упай топтоп чыккан командалар 27-августта финалдык беттеште намыс талашат. Өз тайпасында чогулткан упайы менен экинчи сапка чыккан эки топ үчүнчү орун үчүн күч сынашат.

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фонду 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Үчүнчү орунга 2 миллион теңге (413 миң сом), экинчи орунга 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом) коюлган. Ал эми баш байгени багындыргандар 10 миллион теңгеге (2 миллион 68 миң сом) ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0