Бишкекте Табылды Эгембердиевди эскерип жаачылар күч сынашууда

© Фото / Кылычбек НурмамбетовМеждународный турнир по олимпийской стрельбе из лука в ущелье Чункурчак
Международный турнир по олимпийской стрельбе из лука в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эл аралык турнир быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Бангладеш жана Кыргызстандын жаачылары күч сынашууда. Бул тууралуу турнирди уюштуруучулардын бири Кылычбек Нурмамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, аталган турнир 22-августта башталган, эртең, 25-августта аяктайт. Спортчулар олимпиадалык жаа атуу боюнча күч сынашууда. Мелдеш коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналып, быйыл биринчи жолу уюштурулду.

© Фото / Кылычбек НурмамбетовЧүйдүн Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Бангладеш жана Кыргызстандын жаачылары күч сынашууда.
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Бангладеш жана Кыргызстандын жаачылары күч сынашууда. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Бангладеш жана Кыргызстандын жаачылары күч сынашууда.
© Фото / Кылычбек НурмамбетовБелгилей кетсек, аталган турнир 22-августта башталган, эртең, 25-августта аяктайт. Спортчулар олимпиадалык жаа атуу боюнча күч сынашууда.
Белгилей кетсек, аталган турнир 22-августта башталган, эртең, 25-августта аяктайт. Спортчулар олимпиадалык жаа атуу боюнча күч сынашууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Белгилей кетсек, аталган турнир 22-августта башталган, эртең, 25-августта аяктайт. Спортчулар олимпиадалык жаа атуу боюнча күч сынашууда.
1/2
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Бангладеш жана Кыргызстандын жаачылары күч сынашууда.
2/2
Белгилей кетсек, аталган турнир 22-августта башталган, эртең, 25-августта аяктайт. Спортчулар олимпиадалык жаа атуу боюнча күч сынашууда.

Нурмамбетовдун айтымында, бүгүн, 24-августта жарым финалдык оюндар өтүп, финалга кимдер чыгары аныкталды.

"Мелдеш кыз-келиндер арасында, эркектер арасында жана аралаш деп бөлүнгөн. Ошондой эле өспүрүмдөр дагы өзүнчө ат салышууда. Эртең финал болот. Анда кыз-келиндер арасында Кыргызстан менен Тажикстандын спортчулары беттешсе, эркектер арасында Россия менен Бангладештин спортчулары таймашат", — деди Нурмамбетов.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен грамоталар тапшырылат. Чоңдор арасында байгелүү орун алгандар үчүн биринчи орунга — 1000 доллар, экинчи орунга — 500 доллар жана үчүнчү орунга 300 доллар сыйлык каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0