Шевченконун Нуньес менен кармашууга даярданып жаткан видеосу жарыялады

© Sputnik / Жоомарт УраимовInstagram социалдык тармагынан bulletvalentina аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Валентина Шевченко
Instagram социалдык тармагынан bulletvalentina аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мушкердин реванш-беттеши 9-сентябрга белигиленген

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. UFC мушкери Валентина Шевченко Instagram баракчасына Лас-Вегаста (АКШ) машыгып жаткан видеосун жарыялады.

Shadow boxing at #UFCTrainingCenter in Las Vegas. August 24, 2017 #UFC215 @tigermuaythai

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Авг 24 2017 в 8:08 PDT

Кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин UFC 215 турниринин алкагындагы реванш-беттеши 9-сентябрь күнү Канаданын Эдментон шаарында өтөт. Бул күнү Шевченко кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону титулу үчүн кармашат. Ал эми Нуньес 2016-жылы америкалык Ронду Роузини жеңип дүйнө чемпиону аталган.

Эске сала кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июль күнү болмок. Бирок кармашка саналуу сааттар калганда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0