Казак улакчылары тууралуу 7 факты. Төө минген жана жөө жүргөн кезеңдер...

Жазылуу
Алгачкы ирет 2001-жылдын 9-ноябрында Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы түзүлгөн. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирген. Ошондой эле оюндун "Көк бөрү" деген аталышы эл аралык термин катары кабыл алынган.

Анткен менен бул жылы Казакстан кайрадан көк бөрүгө жаңы эрежелерди киргизип "көкпар" деп дүйнө чемпионатын өткөрүүдө. Мында дагы финалда Кыргызстан менен Казакстан күч сынашмай болуп көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнө чемпиондугун багындырууда кыргыз улакчырынын негизги атаандашы болгон Казакстандын командасы тууралуу 7 факты сунуштайт.

Казак машыктыруучусу: көкпар финалында кыргыз жеңсе да, казак жеңсе да кубанабыз - Sputnik Кыргызстан
Казак машыктыруучусу: көкпар финалында кыргыз жеңсе да, казак жеңсе да кубанабыз
1. Аңызга айланган Азия чемпионаты. 2013-жылдын сентябрь айында Астанада көк бөрү боюнча Азия чемпионаты өткөрүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Кытай, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү катышкан. Финалдык беттешүүгө Кыргызстан менен Казакстандын командалары чыккан. Натыйжада 4:2 эсеби менен кыргызстандыктар жеңилүү ызасын тарткан. Бирок кыргыз тарап ал мелдеш таза өткөн эмес деп ушул күнгө чейин нааразы. Анткени оюндун калысы мыкты оюнчу Рустам Тыналиевди 5 мүнөткө оюндан четтетип койгон. Мындан пайдаланган казак оюнчулары атаандашынын тай казанына улакты үч жолу таштаганга жетишкен. Кайра Рустам Тыналиев кирери менен Казакстандын тайказанына эки улак катары менен салынган. Анда калыстар тобунун курамында жалаң гана казактар болгон.

2. Жооптук беттешке келген эмес. Азия чемпионатынан бир жылдан кийин 2014-жылы Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн I оюндарына Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы чакырылган. Бирок белгисиз себептер менен казак көк бөрүчүлөрү оюнга катышуудан баш тарткан

3. Жеңилүү ызасы. 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарында Казакстан командасы оюнга катышууга акыркылардан болуп макулдугун берген. Адаттагыдай эле финалда Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү намыс талашкан. Соңунда кыргыз улакчыларынан атаандаштар 15:3 эсебинде утулуп алган.

4. Оюндан чыккан от. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарында көк бөрүнүн финалы кыл чайнашкан кармаш менен өткөн. Оюндун башталганына эки мүнөттөй убакыт болгондо Казакстандын курама командасынын 31 жаштагы оюнчусу Абу Абдыжапаров аттардын тебелендисинде калган. Анын атын кыргыз улакчысы Манас Ниязов түрттүрүп жибергенде өзү кулап түшкөн. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, бир сутка жандандыруу бөлүмүндө жатып өзүнө келген. Учурда абалы жакшы. Астанадагы Дүйнө чемионатына Манас Ниязов барса ошондон кек сактап калгандар өч алууну көздөп жаңжал чыгып кетпесин деп Көк бөрү федерациясы аны улуттук курам менен алып барган жок. Ушундай эле жүйө менен казак тарап да Ниязовдун оюнга катышуусуна каршылыгын билдирген. 

Казакстандык улакчы Александр Пупенко - Sputnik Кыргызстан
Казак улакчысы: кыргыздардан чемпион статусун кайтарып алуу үчүн 3 ай даярдандык
5. Чемпиондукту кайтарып алууга болгон аракет. Казак улакчылары дүйнө биринчилигин багындырууга аракет кылып үч этап менен менен үч ай катуу даярданышкан. Алгач өздөрү тоодо машыгып күч топтоп, кийин аттар менен Тараз шаарында, ал эми үчүнчү этаптагы машыгууну Астанада өткөрүшкөн. Өзүнүн жеринде жеңишти колдон алдырбоого белсенип турушат. Команданын капитаны Бактыбай Шырынкулов оюндун үчүнчү күнүндө журналисттерге интервью берип жатып "кыргыздардын аттары күчтүү болот, бирок биздин аттар андан да күчтүү" деген жайы бар.

Казактар эң негизги атаандаш катары Кыргызстанды эсептейт.

6. Кыргыз улакчылары менен тирешчүлөр кимдер? Казакстандын командасындагы улакчылардын эң кичүүсү 20, улуусу 40 жашта.

 

  • Куанышбек Курамаев — машыктыруучу
  • Темирхан Айтбаев
  • Байдыбек Сабыров
  • Бактыбай Шырынкулов
  • Баглан Шырынбаев
  • Кулжан Тогайбаев
  • Асланбек Сайдулла
  • Байдыбек Сабыров
  • Атамекен Рустемов
  • Александр Пупенко
  • Нуржигит Мырзабаев
  • Ермек Кобей
  • Манарбек Дүйсенбиев
  • Улан Байтореев

 

Астанада кыргыз улакчыларынын аттары кармалган сарайдын шарты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Астанада кыргыз улакчыларынын аттары кармалган сарайдын шарты. Видео
7. Эмне үчүн көкпар? Көк бөрүнүн эрежелери татаал жана кооптуу болгондуктан 16 жылдан бери дүйнөлүк спорт оюндарынын катарына кире албай жатат дешет. Муну эл аралык деңгээлдеги спорттук оюн кылуу максатында эрежелерге өзгөртүү киргизилген. Ошол эле учурда оюндун түзүүчүлөрү Казакстан болуп калмакчы.

Көкпар оюну көк бөрүдөн айырмаланып улактын ордуна муляж тартылат. Тай казан жок, улак диаметри 3 метр болгон тегерек чийинге ташталат. Оюн талаасынын узундугу 220, туурасы 70 метр. Оюн үч эмес, 20 мүнөттүк эки бөлүктөн турат. Ошондой эле аттардын арткы туяктарына така кагылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0