Кыргызстандын жана Казакстандын көк бөрү оюнчулары. Архив

Көк бөрү: Кыргызстан Казакстан. Финал. Тексттик трансляция

3498
(жаңыланган 10:22 28.08.2017)
Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын Астана шаарында 21-августта башталып, 27-августта аягына чыгуу алдында турат.

Бүгүн чемпионаттын акыркы күнү, тагыраагы, финалга чыгып мыкты деп эсептелген Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары таймашат. Кыргызстан буга чейин 5 өлкөнүн көк бөрү боюнча курама командалары менен ойноп, аларды бардыгын жеңип алды.

Жаңы билдирүү
  • 18:18

    Анткен менен Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Казакстандан сырткары беттешкен командаларынын баарын жеңип, татыктуу оюн көрсөттү.  Алар көпкө чейин, көптөр үчүн унутулбай турган беттеш болуп калды. 

  • 18:15

    Астанадагы көк бөрү чемпионаты аяктады. Кыргызстандык команда жеңилүү ызасын тартты. Кыргызстан-1: Казакстан - 4.

    Оюндун акыркы мүнөттөрү... Эсеп 4:1. Казакстан алдыда турат

  • 18:08

    Оюндун акыркы мүнөттөрү... Эсеп 4:1. Казакстан алдыда турат

  • 18:06

    Экрандан казакстандык командаларынын машыктыруучуларынын бири-бирин алдын ала куттуктап жатканын көрүүгө болот

  • 18:06

    "Казанат" стадионунда күйөрмандардын кыйкырыгы жаңырууда. Бирок, улак ташталган жок...

  • 18:04

    Казакстандыктар таштаган улак тегеректин сызыгына түшүп, упай катары эсептелген жок

  • 18:03

    Кыргыз оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу улакты эңүүгө аракет кылып жатат. Бирок, казакстандык команданын капитаны ага мүмкүнчүлүк бербей койду 

  • 18:01

    Улакты эңген кыргыз оюнчусу илип алып чаап бара жатып, жөөлөшүүдөн улак жерге түшүп калды

  • 18:00

    Эки тараптан тең бир катар оюнчулар алмашты

  • 17:59

    Убакыт улам азаюуда. Эмнегедир... улакчылар бири-бирине мүмкүнчүлүк бербей, эсеп жаңырбай турат

  • 17:58

    Оюн уланды. Улак ортодо. Эки улакчы тирешип турат

  • 17:57

    Оюн токтоп калды... Сыягы, эреже бузулду окшойт. 

  • 17:56

    Стадиондогу күйөрмандардын кыйкырыгынан кулак тунат

  • 17:55

    Кыргыз улакчылары жан үрөп, улак алууга аракет кылып жатышат

  • 17:54

    Оюн таласында ат боз атчан жүргөн калыс оюнду жөндөп, ышкырып жатат. Анын казакстандык калыс экени маалым болду.

  • 17:53

    Улакты оюн талаасынан чыгарып алышты

  • 17:52

    Эки тараптын улакчыларынын жаалы келип, аттарына камчы үстүнө камчы уруп, бири-бирин жөөлөп ойноп жатышат 

    Чемпионат мира по кокпару в Казахстане. Игра Кыргызстан - Казахстан
    © Sputnik / Алия Самидин
    Чемпионат мира по кокпару в Казахстане. Игра Кыргызстан - Казахстан
    © Sputnik / Алия Самидин
    Чемпионат мира по кокпару в Казахстане. Игра Кыргызстан - Казахстан
    © Sputnik / Алия Самидин
    Чемпионат мира по кокпару в Казахстане. Игра Кыргызстан - Казахстан
    © Sputnik / Алия Самидин
    Чемпионат мира по кокпару в Казахстане. Игра Кыргызстан - Казахстан
    © Sputnik / Алия Самидин
  • 17:51

    Эки тараптын оюндан четтетилген улакчылары кайра кошулду 

  • 17:48

    Оюндун экинчи бөлүгү башталды

    Эсеп 4:1... Демилгени казак оюнчулары колго алып, улакты алып кетти... 

  • 17:46

    "А" тайпасында ойногон Кыргызстан буга чейин 

    Монголияны 4:0, 

    Өзбекстанды 11:2, 

    Түркияны 13:3, 

    Тажикстанды 15:2, 

    АКШны 11:6 эсебинде утуп алган.


  • 17:44

    Оюндун биринчи бөлүгү аяктады

  • 17:43

    Тилекке каршы, учурда Казакстандыктар 3 упай, ал эми Кыргызстандыктар 1 упай менен бара жатат.

  • 17:38

    Кыргызстан оюнчу бир улак таштады!

    Улакты Рустам Тыналиев таштады. 

    Оюндун биринчи бөлүгү аяктады

    Тилекке каршы, учурда Казакстандыктар 3 упай, ал эми Кыргызстандыктар 1 упай менен бара жатат.

  • 17:37

    Казакстандык бир оюнчу оюн талаасынан четтетилди... Ошентип, эки тараптан үчтөн оюнчу калды... 

  • 17:35

    Оюн уланууда, стадиондо учурда кыргызстандык үч гана улакчы калды.

  • 17:34

    Кыргызстандык улакчы Сейитбек Анарбек уулу атаандашын жөөлөп, келип урдуруп кеткен деп оюндан беш мүнөткө четтетилди. 

  • 17:32

    Кыргыздар таштаган улактын эсептелбей калышы боюнча кыргыз тарап нааразы болуп, жалпы калыстарга кайрылды. Тактоо жүрүп жатат. Бул улак биз үчүн маанилүү эле... 

  • 17:29

    Дүйнө чемпионаты Астананын "Казанат" ат майданында өтүп жатат. Мелдеш 21-августта башталып 11 өлкө катышты. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Афганистан, Монголия, Россия, Кытай, АКШ жана Венгрия мамлекеттери.  

  • 17:28

    Кыргызстандыктардын таштаган улагы  чийинден чыгып кетип, эсепке алынбай калды... Өкүнүчтүү... ка-аап... 

  • 17:26

    Оюн катуу, айыгышкан тейде уланууда. Эки тараптын күйөрмандары отура калып, тура калып ышкырып жаткандарын көрүүгө болот

  • 17:25

    Кыргызстандык улакты илип чаап бара жатат! Айй, жерге түшүрүп алды....

  • 17:24

    Кыргызстандын курама командасы. Тизме

    • Ислам Тазабеков — Башкы машыктыруучу
    • Жолдошбек Орозбаев,  минген аты — Арбат 
    • Тынчтык Кабылбеков, минген аты — Торпедо
    • Карыпбек Эшиев, минген аты — Эрке-тору
    • Урмат Раушан уулу, минген аты — Ахиллес
    • Кубаныч Султан уулу, минген аты — Атаман
    • Нурманбет Койчукеев, минген аты — Туман
    • Рустам Тыналиев, минген аты — Комбат
    • Таштемир Замирбек уулу, минген аты — Алай 
    • Аскат Батырбек уулу, минген аты — Токмок 
    • Сейитбек Анарбек уулу, минген аты — Алтын-Каз 
    • Акбар Иманбеков, минген аты — Рекорд  
    • Нуржан Мелисбек уулу, минген аты — Бойка

  • 17:22

    Эсеп 3:0...

    Казакстандык улакчылар жеңишти кармап турат. 

  • 17:21

    Стадиондо чаң ызгып, күйөрмандардын колдоп, кыйкырган үндөрү жаңырууда

  • 17:20

    Эсеп 2:0... Упай, тагыраагы улак казакстандык командага кетти

  • 17:19

    Улак жекеме-жеке талашка түштү... Эки оюнчунун күчү, аттардын айгышканы байкалууда. Кыргызстандын илип кетти!

  • 17:18

    Улак казакстандыктарда... бирок, кыргыз улакчылар аны алдырган жок. 

  • 17:16
    Чемпионат мира по кокпару в Казахстане. Игра Кыргызстан - Казахстан
    © Sputnik / Алия Самидин
  • 17:16
  • 17:14
  • 16:54

    Астана. Кыргызстан менен Казакстандын таймашы башталды!

    Казакстандын гимни жаңырууда

    Кыргызстандын мамлекеттик гимни жаңырууда.

    Экрандан кызыл түстөгү улакчыларды жана стадион толо келген кыргызстандык күйөрмандарды көрүүгө болот. 

    Эки команданын улакчылары саламдашып жатышат

    Таймаш башталды! 

    Улакчылар эле эмес, аттардын да жер чапчып, намыс талашып  жатканын көрүүгө болот. 

    Улакты жерден казакстандык оюнчу илип кетти эле, бирок, кыргыз улакчылары аны жөөлөп, оюн талаасынын чыгып кетишти... 

    Чийинде улакчылар жекеме-жеке чыгып, улакты талашып турушат.

    Эсеп 1:0... Эсепти Казакстандыктар ачты...

3498
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, чемпионат, Көк бөрү
Тема:
Астанадагы көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты (34)
Тема боюнча
Казак машыктыруучусу: көкпар финалында кыргыз жеңсе да, казак жеңсе да кубанабыз
Казак улакчысы: кыргыздардан чемпион статусун кайтарып алуу үчүн 3 ай даярдандык