Орзубек Назаров 51 жашта! Бокс атасы тууралуу 10 факты

© AP Photo / Itsuo InouyeЧемпион по боксу Орзубек Назаров
Чемпион по боксу Орзубек Назаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн бокс боюнча профессионалдар арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, КРдин Бокс федерациясынын вице-президенти Орзубек Назаровдун туулган күнү. Ал мындан 51 жыл мурун, тагыраагы 1966-жылы 30-августта Кант шаарында туулган.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова бокс менен дүйнөнү дүңгүрөткөн Назаров тууралуу 10 факты даярдады.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
Бейбаштыкты жойгон спорт. Орзубек Назаровдун бала чагы Чүй облусунун Кант шаарында өткөн. Улуту — өзбек. Беш бир тууган. Атасы автобус айдап үй-бүлөсүн баккан. Мектепте окуп жүргөндө тентек балдардын катарын толуктап, далай жоруктун ана башында турчу. Спорт тармагына аралашып калышына апасы Жорохан түрткү болгон. Алгачкы беттешке 12 жашында 28 киллограмм салмак менен чыгып атаандашын утуп алган. Ошондон кийин спорт менен жолу бир экенин сезген. Бул тууралуу "мен спортту мушташка эмес, беттеш үчүн жумшаш керек экендигин түшүндүм, ийгилигим үчүн апама ыраазымын" деп айтканы бар. Апасы үч жыл мурун каза болгон.

Ийгилик аркасынан ийгилик! 16 жашында СССРдин спорт чебери, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин төрт жолку жеңүүчүсү, Европанын эки жолку, СССРдин үч жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун үч жолку байге ээси болгон. 1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери аталган. Профессионалдык рингде Япониянын беш, Азия менен Океаниянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн жети жолку чемпиону болгон. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут менен). Ал сологой болгон жана атаандаштарын боорго көбүрөөк муштаган. 

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүү16 жашында СССРдин спорт чебери, 18 жашында эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен
Боксеры Орзубек Назаров (СССР) и Ромаллис Эллис (США) - Sputnik Кыргызстан
16 жашында СССРдин спорт чебери, 18 жашында эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен

35 жылдан берки күндөлүк. Анда спорттук жашоосунун тарыхы, маңдай жарыла сүйүнгөн жеңиштери, утулуу ызалары жызылган. Келечекте күндөлүгүн кызыктуу жана таасирлүү китепке айланткысы келет.

Мушкердин ысымын алган Орзубектер. "Жаш мушкерлердин мен келечекте сиздей болгум келет деп айтканы кубандырат. Эсимде, 1990-жылдары ата-энелер балдарынын ысымын менин атыман коюну тилек кылгандыгы тууралуу көп каттар келчү" дегени бар.

Мухаммед Али менен жолугушуу. Назаров 1996-жылы Японияда жашап, машыгып жүргөндө легендарлуу мушкер Мумаммед Али жумуштары менен Токиого учуп келет. "Ал кезде мен дүйнө чемпиону болчумун, бизди тааныштар жолуктурган. Улуу мушкер ошол кезде катуу ооруп жаткандыгына карабай кеп-кеңешин айтып, тамашалап сүйлөчү. Кийин ал каза болгондо аябай жаман болдум" деп интервьюларынын биринде айткан. 

© AFP / JACK GUEZПрофессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут менен)
Орзубек Назаров может попасть в Международный зал боксерской славы  - Sputnik Кыргызстан
Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут менен)

Акырегине ок жеген. 1997-жылы ноябрда Алматы шаарында достору менен аэропортко баратканда аларга төрт ирет ок атылып, мушкердин эки досу көз жумган. Назаров акырекке ок жеп, аман калган. Кылмыш жасагандар из жашырып кетишкен.

Волейболист сборной Кыргызстана Онол Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Оңолбек Каныбек уулу 26 жашта. Шыңга бойлуу волейболчу тууралуу 8 факты
Мушкер көздөн айрылганда… 1998-жылы Орзубек Назаров чемпиондук кур үчүн кезектеги атаандашы франциялык мушкер Жан-Батист Менди менен рингге чыгат. Назаров өз нугунда эле келе жатып 3-раундда күтүүсүз нерсе болуп кетет… Атаандашынын спорттук кол кабы жаза тайып, баш бармагы Назаровдун көзүн кокустатып алган. Бул окуя мушкердин спорттук карьерасына чоң зыян тийгизген.

Ошту өз үйүндөй көрөт. Бош болгондо үй-бүлөсү менен түштүк тарапка барууга белсенип турат. "Ал жакта досторум көп, белгилеп кетсем июнь окуясынан кийин тааныштар көбөйдү. Ош жылдан жылга өнүгүп бара жаткан шаар. Мен үчүн таза жана тамагы даамдуу жер" деп айтканы бар.

Саясатка аралашкан спортчу. 2007-жылы ноябрь айында "Ак жол" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөсү. Учурда экинчи жубайы Оксана менен жашайт. Жубайлар 17 жаштагы Аделина аттуу кызды тарбиялашат. Биринчи жубайынан эки кызы бар. Кыргыз боксунун атасы Орзубек Назаров учурда жеке ишкерлик менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0