Футбол: Кыргызстан менен Мьянма беттешинин өтпөй турган себеби айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогуна катышуу үчүн беттештерди өткөрүп жатат. Каршылаштардын бири Мьянма болуп эсептелет.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстан — Мьянма футбол курамаларынын 5-сентябрга белгиленген беттеши өтпөй турган болду. Бул тууралуу Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, оюнду токтотуу демилгеси Кыргызстандын өкмөтү тарабынан чыгарылган.

"Буга Мьянмадагы оор кырдаал жана теракт болуп кетиши мүмкүн деген күмөн саноолор себеп болду. Учурда чыгымдарды төлөп берүү боюнча Мьянма менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандык күйөрмандарга билетке короткон акчалары кайтарып берилет", — деди Султанов.

Азия кубогу үчүн тандоо матчынан өткөндөр 2019-жылы боло турган Азия кубогуна катышат.

Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма менен бир группага түшкөн. Буга чейин ата мекендик футболчулар Макао курама командасын 1:0 эсебинде жеңсе, идиялыктарга 0:1 эсебинде жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0