"Тазалыктын" кызматкери жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында өлкө намысын коргойт

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык""Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Мелис Жолдошев жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт
Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкери Мелис Жолдошев жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган оюндар 15-28-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын Ашахабад шаарында өтөт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Мелис Жолдошев жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Жолдошев "Тазалык" муниципалдык ишканасында тогуз жылдан бери эмгектенет. КР улуттук курама командасынын мүчөсү, жоокердик самбо боюнча Кыргызстандын спорт чебери.

"Спортчунун жол киресин жана башка чыгымдарын "Тазалык" ишканасы өзүнө алат", — деп жазылат маалыматта.

Аталган оюндар 15-28-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын Ашахабад шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0