Кыргызстандык оор атлетчилер дүйнө чемпионатына катышууга камынууда

© REUTERS / Stoyan NenovОлимпиада 2016. Тяжелая Атлетика. Женщины. Финал
Олимпиада 2016. Тяжелая Атлетика. Женщины. Финал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионаты ушул жылдын ноябрь айында АКШда өтөт

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышууга даярданууда. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкери Мелис Жолдошев жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт - Sputnik Кыргызстан
"Тазалыктын" кызматкери жоокердик өнөр боюнча Азия оюндарында өлкө намысын коргойт
Анын айтымында, дүйнө чемпионаты ушул жылдын ноябрь айында АКШда өтөт. Ага Кыргызстандын атынан үч же төрт спортчу барат.

Эске салсак, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу катышкан. Алардын ичинен байгелүү орунга Иззат Артыков гана жетип, коло медаль тагылды. Бирок, 18-августта спорт арбитраждык соту Дүйнөлүк допинг агенттигинин (WADA) маалыматына таянып аны байгесинен ажыраткан. Маалыматка ылайык, Артыковдун анализдеринен тыюу салынган стрихнин  заты табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0