Азиададан алгачкы медаль! Кыргызстандык мушкер Бекишев коло тагынды

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашхабадда ишемби күнү жабык имараттагы V Азия оюндары башталып, ага 64 өлкөнүн спортчулары катышууда

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жиу-житсу боюнча кыргызстандык мушкер Ариет Бекишев Түркмөнстандын борбор калаасында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында байге куржунуна алгачкы медаль алып келгени мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Второй чемпионат Сибири по грэпплингу прошел в Омске - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык спортчу грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигине катышат
Оюндар ишемби күнү башталды. Алгачкы күнү кыз-келиндер футзалы, жиу-житсу жана дзюдо боюнча турнирлер өткөн.

Ариет Бекишев 62 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. Чейрек финалда таиланддык спортчу Нантапонг Вонгкунду жеңип алса, жарым финалда афганистандык мушкер Хуссейн Бахш Сафари менен беттешти. Калыстардын чечими менен жеңиш атаандашка ыйгарылып, Бекишев коло медаль тагынды.

Жабык имараттагы Азия оюндары — Азиянын олимпиадалык кеңешинин колдоосу астында өткөрүлүүчү таймаш. Ага Кыргызстандан спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0