Жабык имараттагы Азия оюндары. Тарыхы, өзгөчөлүгү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТоржественная церемония проводов спортивной делегации Кыргызстана для участия в V Азиатских играх
Торжественная церемония проводов спортивной делегации Кыргызстана для участия в V Азиатских играх - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабык имараттагы V Азия оюндары 16-сентябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында башталды. Мында Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу коргоп жатат. Спорттук баяндамачы Кабыл Макешов аталган мелдештин тарыхынан кеп салат.

Жабык имараттагы Азия оюндары (ЖИАО) Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасындагы эки жылда бир ирет өтө турган спорттук ири мелдеш. Бул оюндарды Азия Олимпиада Кеңеши көзөмөлгө алып, баш-көз болуп турат. Жабык имараттардагы биринчи Азия оюндары 2005-жылы Таиланддын Бангкок шаарында өткөн.

Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
"Карышкыр" Бекишев: спортчулар деле бейтааныш адамдан, караңгы жерден коркот
Бул оюндардын курамына Азия оюндарынын, кышкы Азия оюндарынын программасына кирбей калган спортун олимпиадалык эмес түрлөрү кирген. Мында спортчулар спорттун электрондук жана экстремалдык түрлөрү, аэробика, акробатика, жабык имараттагы жеңил атлетика, спорттук бий, футзал, курама хоккей, сууда сүзүү жана 25 метр бассейндеги сууда сүзүү, ошондой эле быйылтан баштап буга чейин өзүнчө өткөрүлүп келген жоокер өнөр оюндары боюнча да күч сынашат.

Кыргызстан коло медаль менен кайткан

Жабык имараттагы биринчи Азия оюндары 2005-жылы 12-19-ноябрда чейин Таиланддын борбору Бангкокто өткөн. Мында спорттун 9 түрү боюнча 37 өлкөнүн 2,5 миң спортчусу мөрөй талашкан. Кытайлыктар 24 алтын, 18 күмүш, 15 коло байге утуп, командалык биринчи орунду ээлеген. Казакстандыктар экинчи, оюн ээси болгон таиланддыктар үчүнчү болушкан. Бангкок шаарында өткөн жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарында кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алган. Бул кыргызстандык спортчулардын алгачкы байгеси болуп саналат.

Экинчи ирет жабык имараттагы Азия оюндары 2007-жылы 26-октябрдан 3-ноябрга чейин Кытайдын курамындагы Макаодо өтүп, бул ири мелдешти Макаодогу чыгыш Азия оюндары деп да аташкан. Мында спорттун 17 түрү боюнча 44 өлкөнүн 1792 спортчусу күч сынашкан. Кытайлыктар 52 алтын, 26 күмүш, 24 коло байге утуп, командалык биринчи орунду колдон чыгарган эмес. Таиланддыктар экинчи, гонконгдуктар үчүнчү болушкан.

Катар-катар алтындар жана ак жолтой "Румба" бийи

Торжественная церемония проводов спортивной делегации Кыргызстана для участия в V Азиатских играх - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Азия оюндарына катышчу спортчуларды узатты
Үчүнчү жолу жабык имараттагы Азия оюндары 2009-жылы 30-октябрдан 8-ноябрга чейин Вьетнамдын Ханой шаарында өткөн. Азия Олимпиада Кеңешине мүчө 44 мамлекеттен 2,5 миңге чукул спортчу катышкан. Кыргызстандан 9 спортчу барган. Бел кур күрөшү бул оюндарга көрсөтмөлүү спорт түрү катары кошулуп, негизги жадыбалга кирген эмес. Ошондой болсо дагы кыргыз балбандары өнөрү менен таанылган. Спорттук бийдин "Румба" түрү боюнча кыргызстандык жуп Алексей Кибалко жана Виктория Качалко үчүнчү орунду ээлешкен. Ал эми бел кур күрөшүнөн финалда кыргызстандык Арсений Фуфачев япон балбаны Канака Хурозумини утуп алуу менен Азия оюндарынын алтын медалын тагынды. Дагы бир кыргызстандык балбан Темирлан уулу Салават бардык атаандаштарын утуп, финалда вьетнамдык До Трунг Киен менен таймашып, Азия оюндарынын алтын байгесине татыктуу болду.

Бул ирет дагы кытайлыктар 48 алтын, 25 күмүш, 19 коло байге утуп, командалык эсепте биринчи болушту. Вьетнамдыктар экинчи (42 алтын, 30 күмүш, 22 коло), казакстандыктар үчүнчү (21 алтын,16 күмүш, 21 коло) сапты ээлешкен.

Алтын, күмүш, коло жана чемпиондук наам буюрган Кыргызстан

Оюндардын кийинкиси 2011-жылы Дохада өтмөк. Бирок 2008-жылы июнда Катар олимпиадалык комитети иш-чараны өткөрүүдөн баш тарткан. АОК 2009-жылкы Жабык имараттардагы Азия оюндары кийинки мөөнөттө болорун расмий билдирген. Буга чейин Азия жоокер өнөр оюндары өзүнчө төрт жылда бир ирет өткөрүлүп, жабык имараттардагы Азия оюндары өзүнчө өткөрүлүп келген. Жоокер өнөр оюндары 2013-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында биринчи жолу өткөрүлгөн. Мында кыргызстандык 22 спортчу спорттун 5 түрү боюнча мөрөй талашып, 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло байгелүү болгон. Кикбоксчу Алексей Федосеев жоокер өнөр Азия оюндарынын чемпиону болуп, алтын медаль тагынган. Кикбоксчулар Сталбек Дарканбаев менен Данияр Кашкараев күмүш байгелүү болсо, алардын шериктери Кумар Жалиев менен Уланбек Касымбеков коло байге уткан. Спорттук бий боюнча Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей да жуп болуп бийлөөдө үчүнчү орунду ээлеген.

Мужчина с портфелем - Sputnik Кыргызстан
Рингден трибунага карай жол. Спорттон саясатка секирген аткаминерлер
2017-жылы жабык имараттагы Азия оюндары Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь ичинде өтөт. Ашхабад Борбор Азия өлкөлөрүнөн биринчи жолу оюндары кабыл алып, жакшы камылга көрдү. Бул шаар мындай укукка 2010-жылы 19-декабрда Кувейтте ээ болуп, 2013-жылы 6-июлда Ашхабад шаарынын мэрине Азия Олимпиадалык Кеңешинин желеги тапшырылган.

Кыргызстан үчүн оюн олжолуу башталды. Жиу-житсу боюнча кыргызстандык мушкер Ариет Бекишев байге куржунубузга алгачкы коло медалды салды

Ашхабадда Азия оюндарын өткөрүү үчүн олимпиадалык айыл салынды. Анын тутумунда 30тан ашуун түрдүү спорт жайлар бар. Ал түгүл Паралимпиадалык реабилитациялык медициналык борбор да салынды. Бул ири курулуштардын демилгечиси Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү болуп, тыкыр көзөмөлгө алды. 2010-жылы 5-ноябрда Түркмөнстандын президенти олимпиадалык айылдын курулушунун салтанатына өзү катышкан.

Жабык имараттагы V Азия оюндары 27-сентябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчуларга ийгилик, жеңиштерди гана каалап, сүрөөнгө алып туралы.

Жаңылыктар түрмөгү
0