БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Абдурахманхаджи Муртазалиев Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын медалга ээ болгону тууралуу кабар иш-чаранын расмий сайтына жарыяланды.
Беттеш бүгүн 18-сентябрь күнү өттү. Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышкан.
Маалыматка ылайык, спортчу алгач казакстандык Андрей Гаврилюкту жеңип, андан соң чейрек финалда иорданиялык Хайдар Хайтхам Абделкари Аль-Рашидден мыкты экенин далилдей алды.
Финалга чыгуу үчүн Муртазалиев жергиликтүү мушкер Мерген Жораев менен күч сынашып, аны да артка таштады.Ал эми чечүүчү таймашта кыргызстандык мушкер арабиялык атаандашы Халфан Хумаид Балхол менен беттешип, натыйжада алтын медаль тагынды.
Муртазалиевдин байгеси Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медаль. Ага чейин биринчилерден болуп жиу-житсу боюнча мелдешкен Ариет Бекишев коло медаль алган. Андан кийин түркмөн күрөшүнө түшкөн балбандар Эсенбек Кудайбердиев күмүш, Алибай кызы Уулкан, Назира Арзыбекова жана Кененбек Шамшидин уулу коло медалдарга татышкан.
Эскерте кетсек, оюндар 27-сентябрга чейин уланат.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.
Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.
"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген.
Уюмдун мурдагы чемпиону Холлоуэй спортто жолу болбой, буга чейин эки ирет утулган эле. Учурда жеңишин майрамдап жаткан кези. Ал эми атаандашы Каттар, тескерисинче, эки ирет катары менен жеңип, эми утулуп отурат.
Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык Карлос Кондит дагы бир АКШ спортчусу Мэтт Браунду калыстардын чечими менен уткан.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.
"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.
ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.