Мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу ММА боюнча эл аралык турнирде намыс талашат

© Фото / Сейтек ТолтоевБоец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу көпчүлүккө "Алай" каймана аты менен белгилүү

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бусурманкул Абдубаит уулу 23-сентябрда Татарстандын Казань шаарындагы "Баскет-Холл" аренасында M1-Challenge 83 турниринде ат салышат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров тастыктады.

Анын айтымында, кыргызстандык спортчуга бразилиялык мушкер Диего Давелло атаандаш болот.

"Буюрса даярдыктар жакшы. Бизге күтүүсүз жана аз убакыттын ичинде сунуш түштү. Себеби окуучум Бусурманкулдун атаандашынын өнөктөшү аталган турнирге чыкпай турган болгон. Бразилиялык мушкер Диего Давелло биз үчүн күчтүү жана татыктуу атаандаш", — деди Чекиров.

Международный турнир Федерации эртаймаш кулатуу WEF-4 - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндары: кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда 17 медаль
Бусурманкул Абдубаит уулу спортто "Алай" каймана аты менен белгилүү. 2011-жылдан Fighter KG спорт клубунда машыктыруучу Кенжебек Чекировдун колунда тарбияланат.

Грэпплингдин Uni Fight версиясында дүйнө чемпиону, WEF Global турниринин чемпиондук курунун ээси. Спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 8-2-0.

Жаңылыктар түрмөгү
0