БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш бел боо күрөшү боюнча күч сынашка кыргызстандык балбан Мээрим Момунова 60 килограммдык салмак категориясында алтын медалга ээ болду.
Жалпысынан 22-сентябрдын жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчулар төрт — бир алтын, бир күмүш, эки коло медаль алышты.
Момунова чейрек финалда түркмөнстандык Зухра Мадраимованы, жарым финалда казакстандык Уулжан Дүсебаеваны утуп, финалда түркмөнстандык Зарина Абдырахманованы 3:0 эсебинде утуп, Азия оюндарынын чемпиону аталды.
Ал эми бел боо, алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Көчмөндөр оюндарынын эки жолку чемпиону, бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарынын чемпиону Нурбек Кожобеков 90 килограмм салмакта түркмөнстандык Нурмурат Мамметдурдыевди жана тажикстандык Хуршед Шариповду жеңип, баш байгеге талапкердин бири болду. Тилекке каршы, Кожобеков финалда түркмөн балбаны Арслан Ибраимгулиевге 3:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын күмүш байгесине татыды.Мындан тышкары, күрөштүн ушул эле түрү боюнча күч сынашкан Анара Рыскулова менен Мадаминбек Шаршеналы уулу жарым финалга чейин жетип, коло байгелүү болушту.
Учурда Кыргызстандын улуттук командасынын куржунунда 34 байге — 3 алтын, 11 күмүш жана 20 коло медаль менен 14-орунда бара жатат.
Мелдеш бүгүн да уланат, мында спортчулар баскетбол, алыш бел боо күрөшүнүн классикалык ыкмасы, боулинг, бильярд, шахмат, ат спорту, футзал, сууда сүзүү, теннис, кикбоксинг, тайбокс, велотрек жана оор атлетика боюнча ат салышат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 29-30-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен улуттук курама команда аныкталат.
"Баары катышат. Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасын аныктайбыз. Ошондуктан мыктылардын баары катышышы зарыл. Өткөн жылы дүйнөлүк аренада күрөшүп келген айрым балбандар мелдештен боштулган болчу, быйыл машыктыруучулардан мындай билдирүү бизге келе элек", — деген ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү учурда Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. 11-январда башталган иш чара 29-январга чейин уланат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.
Weiße Trikots sind bei Schnee eher eine mittelgute Idee. Beweisstück A: Basaksehir gegen Sivasspor. #SüperLig pic.twitter.com/MLGqL9HsBN
— Louis van Goal (@regionalkapital) January 16, 2021
Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.
It was snowing in Istanbul during the Basaksehir - Sivasspor game and Sivasspor thought wearing white would be a good idea. Yes, there are actually two sides in this photo - look closely and Sivasspor players are there. 💆🏻♂️💆🏻♂️💆🏻♂️ pic.twitter.com/LBV1Zi14Fp
— Çetin Cem Yılmaz (@cetincem) January 16, 2021
"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1 менен бүткөн.
But I enlarged the picture a lot. Really nice story. Hihi.
— The moon and the stars 🇦🇹 (@themoonsayswhat) January 17, 2021
How did the game end? Who won? pic.twitter.com/NHsTpaf1BT
Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Имбирь иммунитетти чыңдап, организмди инфекциялардан коргоого жардам берет. Аны кандай колдонуш керектигин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт, диетолог, нутрициолог Мария Черняева айтып берди.
Адистин айтымында, имбирь көптөгөн витаминдер жана минералдарга бай. Ал күчтүү антиоксидант катары сезгенүүгө каршы туруп, зат алмашуу процессин тездетип, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.
"Имбирди каалагандай колдонсо болот. Кургатылганда пайдалуу касиети көбүрөөк сакталат. Жаңы имбирдин тамырын майдалап, бал менен аралаштырып, чайга кошуп ичип же ар кандай суусундуктарды даярдаса болот", — деген диетолог.
Имбирди шорпого жана татымалдарга кошсо мүмкүн экенин, ошондой эле чыгыш ашканасында маринаддалган түрдө колдонуларын кошумчалаган.
Мындан тышкары, имбирден таттуулар жасаларын, андай учурда да дарылоо касиетин жоготпой турганын белгиледи.
Бирок адис каршы көрсөтмөлөрүн да эскерте кетти."Имбирь канды суюлтуучу дары-дармектердин таасирин күчөтүп салат. Ал эми өзү канды суюлтуучу касиетке ээ да. Андан тышкары, өт баштыкчасынын дарты менен жабыркагандарга жана ашказан оорусу барларга сунушталбайт", — деген адис.
Аны бир колдонуунун өлчөмү 80-100 грамм экенин да эскерткен.