Кыргызстандын Неймары, барсыңбы? Бразилиялыктар жаш таланттарды издейт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдөн келген адистер Оштогу футбол академиясында келечектеги дүйнө чемпиондорун тапташат

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бразилиядан келген машыктыруучулар Ошто ачыла турган футбол академиясында балдарды тарбиялайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Асылбек Момунов атындагы жаңы футбол академиясы октябрь айында өз ишин баштайт. Ал эми 25-сентябрдан тарта алты жаштан 15 жашка чейинки балдарды кабыл алуу жүрөт.

Аталган долбоор Кыргызстандын Футбол федерациясы жана FIFA менен биргеликте ишке ашууда.

Тандалып алынган балдарды Бразилиядан келген машыктыруучулар Оливейра жана Карлос Энрике, Россиядан келген Александр Крестинин жана кыргызстандык Анарбек Ормонбековдор машыктырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0