Кыргызстандыктар бий боюнча жарышта Эстонияда экинчи орунду ээледи

© пресс-служба ФТС КРКРдин Спорттук бий боюнча федерациясынын бийчилери чоңдордун латын бийи категориясында бийчи-спортчулар Артем Семеренко менен Валерия Качалко. Архив
КРдин Спорттук бий боюнча федерациясынын бийчилери чоңдордун латын бийи категориясында бийчи-спортчулар Артем Семеренко менен Валерия Качалко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстан, Австрия, Германия, Польша, Израиль, Франция жана Россия сындуу 15 өлкөдөн 43 жуп катышкан

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эстонияда өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык жарышта кыргызстандыктар экинчи орунду ээлешти. Бул туурасында КРдин спорттук бийлер боюнча федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандык Айдана Шатемирова Ты супер! Танцы сынагынын экинчи туруна өттү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык бийчи кыз "Ты супер! Танцы" сынагында калыстарды багындырды
"WDSF International Open taken place in Tallinn — 2017" деп аталган иш-чарага Кыргызстан, Австрия, Германия, Польша, Израиль, Франция жана Россия сындуу 15 өлкөдөн 43 жуп катышкан.

Жарышта КРдин Спорттук бий боюнча федерациясынын бийчилери чоңдордун латын бийи категориясында бийчи-спортчулар Артем Семеренко менен Валерия Качалко экинчи орунду камсыз кылган.

Эске сала кетсек, бул эки бийчи апрель айында өткөн Италиядагы эл аралык турнирде үчүнчү орунду ээлешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0