БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Түркмөнстандын борборунда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында жекшембинин жыйынтыгы менен кыргызстандык балбандар самбо боюнча бир алтын, эки күмүш, беш коло медаль алды.
Мында эр азаматтар арасында 74 килограмм салмактагы Бекназар Райымкуловдун жылдызы жанып, Азия оюндарынын чемпиону аталды. Кыргызстандык спортчу финалда казак балбаны Асылбек Смаиловду 13:6 эсебинде утуп алды.
Эркин күрөш боюнча 69 килогармм салмак категориясында Мээрим Жуманазарова жана кикбоксчу Юлия Борисова үчүнчү орунду ээлешти.
Ошентип учурда Кыргызстандын улуттук командасынын куржунундагы байге эсеби 48ге жетти. Анын жетөө — алтын, 15и — күмүш жана 26сы — коло медаль.
Бүгүн Ашхабад шаарында кыз-келиндер жана жигиттердин эркин күрөшү, боулинг, бильярд, шахмат, футзал, сууда сүзүү, стол тенниси, кикбоксинг жана оор атлетика боюнча таймаш болмокчу. Бул күнү Кыргызстандын намысын Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Эламан Догдурбек уулу баштаган балбандар, Акрам Баратов (51 кг), Авазбек Аманбеков (57 кг), Чыңгыз Калбаев (69 кг), Айбек Дүйшөнбиев башында турган кикбоксчулар коргойт.
Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.
Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду.
Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.
Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.
Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Келерки аптада Азия футбол Конфедерация (АФК) кубогу мелдешинин тайпалык туруна чүчү кулак тартылат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзу билдирди.
Мелдешке Кыргызстандын чемпиону “Дордой” жана өлкө кубогунун жеңүүчүсү “Алай” клубдары катышат. 27-январда мелдештин тайпалык этабына чүчү кулак тартылып, ата мекендик командалардын атаандаштары аныкталат.
АФК кубогу быйыл жаңыланган форматта өтүп, тандоо оюндары болбойт.
Катышуучу командалар мурдагыдан өзгөчөлөнүп турат. Мелдешке Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрүнөн сырткары Борбордук Азия зонасында Өзбекстандын командасы да ойнойт.Мелдеш тайпалык этаптан башталат. Ага катышкан жети команда эки тайпага бөлүнөт. Тайпанын жеңүүчүлөрү чөлкөмдүн финалында ойнойт.
Кыргызстандын чемпиону “Дордой” экинчи себетке, ал эми кубоктун жеңүүсү “Алай” төртүнчүгө жайгаштырылат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.