Айсулуу Тыныбекова Түркмөнстанда күмүш медаль утту

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чейрек финалдан тарта олжолуу орунга умтулган Тыныбекова финалда кытайлык атаандашына уттуруп койду

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Түркмөнстандын борборунда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду.

Международный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндары: кыргыз балбандары дагы 8 медаль алды
Аталган мелдеш Ашхабад шаарында өтүп жатат.

Чейрек финалда япониялык Акие Ханаи атаандашын жеңген Тыныбекова, жарым финалда 36 секундада вьетнамдык Дао Тихуонду уткан. Ал эми финалда кытайлык кытайлык атаандашы Пей Хингруга 1:4.эсебинде уттуруп койду.

Учурда аталган оюндан Кыргызстан 55 медаль топтоду. Алардын жетөө алтын, 17си күмүш жана 31 коло.

Жаңылыктар түрмөгү
0