БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ашхабадда өтүп жаткан V Азия оюндарында дүйшөмбү күнү кыргызстандык спортчулар кыз-келиндердин эркин күрөшү, самбо, кикбоксинг, бильярд боюнча ат салышып, жалпы жонунан 11 медалга ээ болушту.
Эркин күрөштө 58 килограмм салмак категориясында дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште кытайлык балбан кыз Пей Сингруга 4:1 эсебинде утулуп күмүш байгелүү болду. 75 килогаммдык салмакта Айпери Медет кызы түркмөнстандык атаандашы Розана Курамбаевадан мыкты экенин далилдеп коло медаль тагынды.
Самбо боюнча таймашта 62 килограмм салмактагы Орозбек Автандил уулу да финалда түркмөнстандык Керимгелди Довлатовго алдырып, күмүш медалга ээ болду. 57 килограммдык салмак категориясында коло байге үчүн килемге чыккан эки кыргызстандык Дөөлөт Садыркулов менен Белек Бараканов күч сынашып, экинчи спортчу медалды илип кетти. Ошондой эле 100 килограммдык салмакта Максат Мусабаев да түркмөн балбанына каршы туруп, коло медаль алды.
Кикбоксинг боюнча күч сынашкан дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков финалда түркмөнстандык Пиги Силобовду 3:0 эсебинде жеңип, байге куржунга дагы бир алтын алып келди. Дагы бир кыргызстандык спортчу Алексей Федосеев финалдык беттеште атаандашынан утулуп, күмүш байгенин ээси болду. Бул күнү кикбоксчулардан Акрам Баратов менен Чыңгыз Калбаев коло медаль тагынышты.Бильярддын орус пирамида түрү боюнча кыргызстандык Канат Сыдыков жарым финалда казак жигити Алибек Омаровдон утулуп калып, коло байге алды. Экинчи жарым финалда Ызатбек Ратбеков түркмөнстандык Ибаберик Бекмурадовду 5:2 эсебинде утуп, финалга жолун ачты. Бильярдын финалдык беттешүүсү 26-сентябрда болмокчу. Ратбеков Азия оюндарынын чемпиондугу үчүн казак жигити Алибек Омаров менен беттешет.
25-сентябрдын жыйынтыгы менен Кыргызстан жалпы жонунан 59 медалдын ээси болду. Анын сегизи — алтын, 18и — күмүш, 33ү — коло байгелер.
Бүгүн спортчулар грек-рим күрөшү, боулинг, бильярд, самбо, шахмат, футзал, стол тенниси, кикбоксинг жана спорттук бий боюнча мөрөй талашуулар болмокчу. Бул күнү Кыргызстандын намысын Калы Сулайманов, Руслан Царев, Атабек Азисбеков, Азат Бейшебеков, Мурат Рамонов баштаган балбандар коргойт.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 29-30-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен улуттук курама команда аныкталат.
"Баары катышат. Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасын аныктайбыз. Ошондуктан мыктылардын баары катышышы зарыл. Өткөн жылы дүйнөлүк аренада күрөшүп келген айрым балбандар мелдештен боштулган болчу, быйыл машыктыруучулардан мындай билдирүү бизге келе элек", — деген ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү учурда Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. 11-январда башталган иш чара 29-январга чейин уланат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.
Weiße Trikots sind bei Schnee eher eine mittelgute Idee. Beweisstück A: Basaksehir gegen Sivasspor. #SüperLig pic.twitter.com/MLGqL9HsBN
— Louis van Goal (@regionalkapital) January 16, 2021
Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.
It was snowing in Istanbul during the Basaksehir - Sivasspor game and Sivasspor thought wearing white would be a good idea. Yes, there are actually two sides in this photo - look closely and Sivasspor players are there. 💆🏻♂️💆🏻♂️💆🏻♂️ pic.twitter.com/LBV1Zi14Fp
— Çetin Cem Yılmaz (@cetincem) January 16, 2021
"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1 менен бүткөн.
But I enlarged the picture a lot. Really nice story. Hihi.
— The moon and the stars 🇦🇹 (@themoonsayswhat) January 17, 2021
How did the game end? Who won? pic.twitter.com/NHsTpaf1BT
Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат.
Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик башчылары катышкан.
"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.