Азия оюндары: кыргызстандыктар дагы үч алтын медаль алышты

Жазылуу
Командалык эсепте Кыргызстан 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль менен 8-тепкичке көтөрүлдү

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Шейшембинин жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчулар жабык имараттагы V Азия оюндарында беш алтын, эки күмүш жана үч коло медаль алышты.

Буга чейин бильярддын орус пирамида түрү боюнча Ызатбек Ратбеков менен бийчи жуптар Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей алтын тагынышкан.

Города мира. Ашхабад - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндары: күйгүзгөн күмүш медаль
Кечинде грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмак категориясында жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Калы Сулайманов финалда ирандык Мохсен Хажи Пурдуну 3:1 эсебинде утуп, мыкты болду. Андан тышкары, самбочулар Жамалбек Асылбек уулу менен Жаныбек Аматов да алтын байгелүү болушту.

Грек-рим күрөшү боюнча Атабек Азисбеков менен Узур Жусупбеков финалда атаандаштарына алдырып коюп, күмүш байгелүү болушту. Ал эми самбочулар Мукамбеталы Эргешов, Арсен Камчыбеков менен Алайбек Үмөтов коло медаль тагынышты.

Командалык эсепте Кыргызстан 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль менен 8-тепкичке көтөрүлдү.

27-сентябрда боулинг, шахмат жана стол тенниси боюнча мелдештер жыйынтыкталып, кечинде оюндардын жабылуу аземи өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0