Ошто көк бөрү боюнча турнир өтөт

Жазылуу
Мелдешке өлкө аймагынан келген сегиз команда катышат

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ош шаарында көк бөрү боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 4-7-октябрь күндөрү Ош калаасында болот.

Турнирге өлкө аймагынан келген сегиз команда катышат. Байге фондусу 600 миң сом. 1-орунга 300 миң, 2-орунга 200 миң, ал эми 3-орун алган командага 100 миң сом берилмекчи.

Турнирди Оштун "Достук" командасы уюштурууда. Аталган топ жарышка түшпөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0