Бийиктикти багындыр! Бишкекте аскага чыгуу боюнча чемпионат өтөт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүАскага чыгуу спортчусу. Архив
Аскага чыгуу спортчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш аталган спорттун түрүн өлкөдө өнүктүрүү максатында уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Борбор калаада аскага чыгуу боюнча республикалык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу Facebook иш-чаранын социалдык тармактагы расмий баракчасында жазылган.

Мелдеш 5-октябрдан 8-октябрга чейин уланып, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышат.

Чемпионат аталган спорттун түрүн жаштар арасында өнүктүрүү жана өлкөдөгү аскага мыкты чыккан спортчуларды аныктоо максатында уюштурулмакчы.

Спорттук мелдеш Анкара 1/31 көчөсүндө жайгашкан "Экстрим-борборунда" болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0