Кыргызстандык мушкерлер MMA боюнча дүйнө чемпионатында күч сынашат

Жазылуу
Өлкө намысын кыргызстандык сегиз спортчу коргойт

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер MMA боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча дүйнөлүк ассоциациянын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мелдеш 6-7-октябрь күндөрү Астана шаарында өтөт. Чемпионатка катыша турган өлкөлөрдүн саны учурда 25ке жетти. Спортчулар сегиз салмактык категория боюнча беттешет.

Спорттук иш-чарада өлкө намысын кыргызстандык сегиз мушкер коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0