Нурдин Султамбаев: спорттук маалыматтар изденүү менен чагылдырылбай жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев
Руководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизде саясий иштен спортту гүлдөтүүгө өткөн кызматкерлер саналуу. Алардын бири Нурдин Султамбаев. Роза Отунбаеванын убагында президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмүндө адис, кийин өкмөттүн маалымат-саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеп, төрт жыл мурда спортту өнүктүрүүгө бел байлаган.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте спорттук маалыматтарды чагылдыруу, бул тармактагы журналисттердин иши, мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

— Жакында эле Ашхабадда өткөн Азия оюндарына барып келдиңиздер. Бул жолу оюндарды чагылдырууда кандай артыкчылыктарга, кыйынчылыктарга туш болдуңуздар?

— Бул спорттук оюндарды чагылдыруу оңой болгон жок. Анткени 153 спортчунун ичинен 50дөн ашык бала 70 медаль алды. Ар бир спортчунун күйөрманы, жакын тууганы, ата-энеси бар. Бардыгына маалымат жеткирүү зарыл болду.

Оюнду чагылдырам деген жалпыга маалымдоо каражаттарынын саны көп болду. Бизден үч телеканал аягына чейин, бюджетке жараша оюндун ортосуна чейин дагы эки облустук телеканал, бир интернет редакция, мамлекеттик агенттиктен пресс-атташе катары мен бардым. Ашхабаддан жөнөткөн маалыматтарды бул жактан биздин үч кызматкер иретке келтирип таратып жатышты. Эки жума мурда маалыматты кандай жөнөтөбүз, байланыш кандай болот деген маселени талкуулаганбыз. Көптөн бери чечилбей жаткан көйгөй — бул трансляция. Маалым болгондой олимпиадалык оюндардын системасында бардык видео, тасмаларды сатып алуу керек. Бул жолу тилекке каршы түз алып берүү болгон жок.

Мужчина с портфелем - Sputnik Кыргызстан
Рингден трибунага карай жол. Спорттон саясатка секирген аткаминерлер
Ар бир эле журналистте маалыматты ыкчам, биринчилерден берсем деген максат болот. Бирок оюн башталган күнү эле биригип, чогуу иш алып барбасак маалымат берип үлгүрүүгө мүмкүн эместигин түшүндүк. Андыктан бардыгыбыз бир үй-бүлөдөй ынтымактуу иштедик. Эми бул системаны дагы да өнүктүрүүнүн үстүндөбүз. Себеби тажрыйбалуу спорт журналисттердин саны аз.

2013-жылы мамлекеттик агенттикте пресс-борбор түзүлгөндөн тарта редакциялар менен тыгыз байланышып, сунуш-пикирлерди үстүнөн иштеп жаттык. Жылдын аягына чейин системаны ордуна койгонбуз. Биринчиден спорт журналисттерин бириктирүү, алардын бири-бири менен болгон байланышын чыңдоо болду. Азыр редакциялардын көбүндө спорт журналисттердин кошумча жумушу болуп калган. Баштан аяк спортко малынган маалымат булактарынын саны аз.

Буга чейин бизде маалымат жыйын өткөргөн борбор жок эле. Кийин жыйын борборун ачып, атайын оператор, фотокорреспондент алып иштей баштадык. Мамлекеттен спортчуларга бөлүнгөн ар бир тыйынга отчет даярдалып, ал биздин интернет сайтта турат. Мурда бюджет ачыкка чыкчу эмес. Бул коррупцияны алдын алуунун бир гана жолу.

2016-жылы жетекчиликке Канат Аманкуловдун шайланышы менен төрт кызматкерден турган коомчулук менен байланыш бөлүмү ачылды. Буга чейин жалгыз гана маалымат катчы болгон. Ошого жараша төрт дирекция ишке кирип, ар биринин маалымат катчылары иштеп жатат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев: ар бир эле журналистте маалыматты ыкчам, биринчилерден берсем деген максат болот. Бирок оюн башталган күнү эле биригип, чогуу иш алып барбасак маалымат берип үлгүрүүгө мүмкүн эместигин түшүндүк
Руководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев: ар бир эле журналистте маалыматты ыкчам, биринчилерден берсем деген максат болот. Бирок оюн башталган күнү эле биригип, чогуу иш алып барбасак маалымат берип үлгүрүүгө мүмкүн эместигин түшүндүк

— Мамлекеттик агенттиктин пресс-кызматынын иштешине төрт гана жыл болгондуктан айрым архивдик материалдарды алууда көйгөйлөр бар. Бул жагын да караштырсаңыздар кандай болот?

— Архивдик иштерге башынан эле көңүл буруп келебиз. Жакын арада улуттук спорттун түрлөрү боюнча архивдик маалымат топтолгон даректүү тасманын бет ачары болот. Кийинки жылы олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча тасма даярдайбыз. Эл аралык Олимпиада комитетинен да архивдик маалыматтарды алуу планыбыз бар. Бизде архивдик маалыматтар документке эле байланышкан. Видео-тасма, сүрөт боюнча иштеген атайын штат жок. Буга техниканын, каражаттын жоктугу себеп. Бул маселени сөзсүз түрдө иретке келтиргенге аракет кылабыз. Архивдик маалыматтар боюнча колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз, биздин максат — маалыматты жайылтуу.

— Мультимедиалык маалыматтарды берүүдө автордук укук маселеси кандай каралган?

Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
"Карышкыр" Бекишев: спортчулар деле бейтааныш адамдан, караңгы жерден коркот
— Биз бул нерсеге 2014-жылы Инчхондо өткөн Азия оюндарында келгенбиз. Анда биздин күн-түн уктабай тарткан сүрөттөрүбүзгө бир канча редакция өзүнүн эн тамгасын коюп алган. Алардан "силер мамлекеттик органсыңар, шилтеме берүүгө милдеттүү эмеспиз" деген жоопту укканбыз. Ошол оюндун төртүнчү күнүнөн баштап өзүбүздүн эн белгини коё баштадык. Көбү колдонгонго мажбур болду. Видеолорду титр менен берүүнү макулдашабыз. Эгер зарыл учур болсо биз деле эн тамга же титр шарттуу түрдө болсун дегенден алыспыз.

— Түшүнүктүү. Өлкөдө спорттук жаңылыктар элдин назарын канчалык деңгээлде бура алат деп ойлойсуз?

— Кээ бир спорттук жаңылыктар бүйүр кызыткан саясий кабардан да озуп кеткен учурлар болот. Жакында эле Казакстанда өткөн көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте тарткан видеолорубуздун саны YouTube каналында 100-200 миңге чейин көрүүчү топтоп жатты. Бирок бардык эле спорттук иш-чаралар мынчалык деңгээлде каралбайт. Бул көрсөткүч оюнду уюштуруудан көз каранды деп ойлойм. Оюндун ичинде шоу өткөрүүнүн элементтери болушу керек. Олимпиадалык оюндардын же UFC турниринин өтүшүн мисалга алууга болот. Буга биринчиден акча маселеси, экинчиден спорт журналисттеринин аздыгы себеп. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда атаандаштык болбогондуктан, маалыматтарды изденүү менен чагылдыруу жок. Дагы бир себеби, бизде каттодон өткөн 60тан ашык федерация болсо, ошонун 3-4дө гана маалымат катчы иштейт. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовНурдин Султамбаев: 2016-жылы жетекчиликке Канат Аманкуловдун шайланышы менен төрт кызматкерден турган коомчулук менен байланыш бөлүмү ачылды. Буга чейин жалгыз гана маалымат катчы болгон. Ошого жараша төрт дирекция ишке кирип, ар биринин маалымат катчылары иштеп жатат
Руководитель секретариата ВИК Нурдин Султамбаев - Sputnik Кыргызстан
Нурдин Султамбаев: 2016-жылы жетекчиликке Канат Аманкуловдун шайланышы менен төрт кызматкерден турган коомчулук менен байланыш бөлүмү ачылды. Буга чейин жалгыз гана маалымат катчы болгон. Ошого жараша төрт дирекция ишке кирип, ар биринин маалымат катчылары иштеп жатат

— Каттоодон өткөн жана өтпөгөн федерациянын артыкчылыгы эмнеде?

— Аккредитация — бул мамлекеттен каржы алуу. Эгерде федерациянын региондордо секциялары иштесе, машыктыруучулар квалификациялуу болсо, жетекчиси, уставы, юридикалык көрсөтмөлөрү болсо аккредитациядан өтө алат. Андан кийин бери дегенде бир жылдан төрт жылга чейин планын жазып келет. Эгерде максатыбыз туура келсе, биздин талаптарга жооп берсе, албетте, иштешебиз. Көздөгөнүбүз — спортту өнүктүрүү. Бизде федерациялардын саны көп. Бирок мамлекет баарын камсыздай албайт. Маселен, чет мамлекетте жыйынтык көрсөткөн гана федерация каттала алат.

— Учурдагы спорт журналисттеринин маалыматты чагылдыруу деңгээлине кандай баа бересиз?

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
"Кайра кетем!" Александр Крестинин тууралуу 5 факты
— Биз жыл сайын анализ жүргүзүп турабыз. Ар бир спорт журналисти спорттун кайсыл түрүнө кызыгарын байкаштырып, жазгандарын карайбыз. Бүгүнкү күнү кылдаттык менен жасалган аналитикалык материалдар аз. Биз азыр жаңылык, интервью, обзор, репортаж менен чектелүүдөбүз. Спортко баш-оту менен кирген айрым журналисттерибиз гана аналитика жасай алат. Спортту жазып кетүү кыйын. Ага кызыгуу, түшүнүү керек. Спорт журналисттеринин деңгээлин көтөрүү боюнча аракеттерди көрүп келебиз. Окуу жайдагы студенттерди стажировка өтүүгө чакырып турабыз. Социалдык тармактарда спорт журналисттеринин группалары ачылган. Ал жактан ар кандай маселелерди талкуулап, бири-бирибизге жардам берип турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0