Ташкенттеги мелдеште кыргызстандык Юрий Краковецкий күмүш медаль тагынды

© Фото / из личного архива Юрия КраковецкогоУчастник Олимпиады-2016, кыргызстанский дзюдоист Юрий Краковецкий
Участник Олимпиады-2016, кыргызстанский дзюдоист Юрий Краковецкий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 23 өлкөнүн балбандары катышып, Кыргызстандын атынан төрт спортсмен ат салышкан

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Юрий Краковецкий Ташкентте күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Дзюдо федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Grand Prix Tashkent 2017 аталышындагы эл аралык мелдеш 6-8-октябрь күндөрү Өзбекстандын борборунда өттү. Анда Краковецкий эки өзбекстандык спортчуну багындырып финалга чыккан. Андан соң алтын медаль үчүн израилдик дзюдочу менен беттешип күмүш тагынды.

Аталган спорттук иш-чарага 23 өлкөнүн балбандары катышып, Кыргызстандын атынан төрт спортчу ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0