Александр Крестинин: Мьянма менен үйдөгү оюнубуздан кол жуудурушкан

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан — Мьянма футбол курамаларынын 5-сентябрда Бишкектеги беттешүүсү коопсуздукту сактоо максатында өтпөй калган

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Мьянмадагы беттешүүнүн алдында "Кыргызстандан үйдөгү беттешүүнү тартып алышты" деген пикирин айтты.

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
"Кайра кетем!" Александр Крестинин тууралуу 5 факты
Эске салсак, Кыргызстан — Мьянма футбол курамаларынын 5-сентябрда Бишкекте өтчү беттешүүсү коопсуздукту сактоо максатында өтпөй калган.

Мьянмадагы оор кырдаалдан улам жана теракт ыктымалдыгынан өкмөт ушундай чечим кабыл алган.

Кечээ, жекшемби күнү Кыргызстандын курама командасы Мьянманын Янгон шаарына барды.

Оюн алдындагы маалымат жыйынында Крестинин сентябрь айында оюндун токтотулганына капа болгонун билдирди.

"Ачык айтканда, биздин үйдөгү оюнубузду тартып алышты. Бирок алдыдагы оюнга жакшы маанайда даярдандык, жеңишке гана үмүттөнүп жатабыз. 21-кылымда жашап жаткандыктан, атаандаштар жөнүндө маалыматыбыз абдан көп. Алардын күчтүү жана алсыз жактарын жакшы билебиз. Билгенибизди эртеңки оюнда пайдаланууга аракет кылабыз", — деди Крестинин.

Ал эми курама команданын капитаны Азамат Байматов оюнчулар эртеңки оюнда атаандаштардын дарбазасына үч топ киргизүүгө даярданып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0