Мелис Турганбаев кайрадан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-министр Мелис Турганбаевдин архивдик сүрөтү
Экс-министр Мелис Турганбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстандын атынан 10 балбан катышат, алардын арасында Мелис Турганбаев, Чынарбек Изабековдор бар.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Экс-министр Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионат 10-октябрдан 15-октябрга чейин Болгариянын Пловдив шаарында өтөт. Анда ардагер спортчулар грек-рим жана эркин күрөш боюнча көч сынашат. Ага Кыргызстандын атынан 10 балбан катышат, алардын арасында Мелис Турганбаев, Чынарбек Изабековдор бар.

Эске сала кетсек, өткөн жылдагы биринчиликте Басылбек Мамытбеков, Мелис Турганбаев жана Чынарбек Изабековдор эки коло, бир алтын медаль алып келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0