Өзгөндө аламан улак тартыш башталды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСоревнования по кок-бору в Узгене
Соревнования по кок-бору в Узгене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш байгеге унаа сайылды. Андан сырткары, токулган ат, төө, үч тай, 10 миң сомдон төрт жана тогуз жандыктан турган байге коюлган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Өзгөн шаарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычына жакын жерде аламан улак тартыш башталды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык спорт жана жаштар биримдигинин төрагасы Максат Ибраимов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара аталган биримдик тарабынан демилгеленген. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБериле турган байгелердин бири төө
Соревнования по кок-бору в Узгене - Sputnik Кыргызстан
Бериле турган байгелердин бири төө

"Аламан улак тартышка Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан улакчылар келип катышууда. Спорттук иш-чаранын негизги максаты — улуттар ынтымагын чыңдап, жаштарды жаман адаттардан алыстатып спортко багыттоо", — деди Ибраимов.

Ал ошондой эле баш байгеге унаа, андан сырткары, токулган ат, төө, үч тай, 10 миң сомдон төрт жана тогуз жандыктан турган байге берилерин кошумчалады.

Ал эми Өзгөн шаарынын вице-мэри Мухаммед Макешовдун айтымында, Өзгөн районунда 26 улуттун өкүлүнөн турган 286 миң киши жашайт. Ал мындай оюндар ар улуттун биримдигин бекемдөөгө шарт түзөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0