Эки мүнөт калганда… Кыргызстан менен Мьянма тең чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Мьянманын беттеши Янгон шаарында өттү

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футболчулары Мьянма командасы менен тең чыкты. 

2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Мьянманын беттеши бүгүн, 10-октябрда, Янгон шаарында өттү.

Сборная Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
КР футболчулары Мьянмадагы беттешке Жумакадыровго аза күтүп кара тасма менен чыкты
Оюндун биринчи бөлүгүндө Кыргызстан бир топ киргизип эсепти ачкан. Ал эми экинчи таймда 2:1 эсеби менен алдыда бара жаткан. Бирок кошумча дагы төрт мүнөттүк убакыт берилген. Ушундан пайдаланган мьянмалыктар 92-мүнөттө дарбазага топ киргизип эсепти теңдеп койду. Натыйжада оюн тең эсеп менен аяктады. 

Белгилей кетсек, улуттук курама команданын мьянмалыктар менен таймашы 5-сентябрда Бишкекте өтмөк. Бирок Мьянмадагы кырдаалга байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында беттеш токтотулган болчу.

Азия кубогу үчүн тандоо турунан өткөндөр 2019-жылы боло турган Азия кубогуна катышат. Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма менен бир группага түшкөн. Буга чейин ата мекендик футболчулар Макао курама командасын 1:0 эсебинде жеңсе, идиялыктарга 0:1 эсебинде жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0