Грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинде КР спортчулары ат салышат

Жазылуу
Жалпы жонунан Кыргызстандан 17 спортчу күч сынашат

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ата мекендик спортчулар грэпплингдин UWW (Unaited Wourld Wrestling) версиясы боюнча боюнча дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу маалыматты КРдин Грепплинг федерациясынын негиздөөчүсү Кенжебек Чекиров тастыктады.

Беттеш Азербайжандын Баку шаарында 17-20 октябрь күндөрү өтөт.

"Команданын башчысы менен кошо 16 спортчу кечээ Баку шаарына жөнөп кетти. Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер, ардагерлер, жаштар, чоңдор арасында күч сынашуу болот. Спортчуларыбыз беттешке даяр, жеңиш алып келерине ишеним чоң", — деди Чекиров.

Спортчулардын арасында эрежесиз эр урушта да күч сынашкан белгилүү мушкер Барчынай Узгенбаева бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0