Акжол Махмудовдун кезектеги алтыны! Кыргыз балбандары эл аралык турнирден кайтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпион мира по греко-римской борьбе среди юниоров Акжол Махмудов
Чемпион мира по греко-римской борьбе среди юниоров Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грек-рим жана эркин күрөшү боюнча эл аралык турнир 20-21 октябрь күнү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын атынан сегиз спортчу катышып, бешөө байгелүү кайтты.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Түркияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу маалыматты КРдин Күрөш федерациясы расмий сайтына жарыялады.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Турнир 20-21 октябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан сегиз спортчу катышкан. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, турнирдин финалдык бөлүгүндө жергиликтүү спортчуну жеңип алган.

Махмудовдон тышкары, Халмурат Ибрагимов күмүш, Абдыкерим уулу Куттубек күмүш, эркин күрөш боюнча Таалай Орузбаев күмүш, Кунай Нурдавлетов коло медалга ээ болушту.

Махмудов быйылкы жылдын эсебинен үчүнчү ирет жеңишке жетип жатат. Буга чейин Кытайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын жана Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.

Кыргызстандын жаш балбандары тууралуу кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган лонгридден окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0