"Азия аюсу" Хантураев: "Ак аюу" Мамасалиев экөөбүз беттеше албайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрежесиз эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев "Ак аюу". Архив
Эрежесиз эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев Ак аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрежесиз эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү болсо, өзбекстандык Мурод Хантураев "Азия аюсу" аты менен атактуу.
© Фото / федерация WEFМурод Хантураев: Мыктыбек экөөбүз доспуз, достор кантип урушмак эле?
Узбекистанский боец ММА Мурод Хантураев - Sputnik Кыргызстан
Мурод Хантураев: Мыктыбек экөөбүз доспуз, достор кантип урушмак эле?

Бүгүн кулатуу эр таймаш боюнча WEF-42 Proffight турниринин салмакка түшүү аземи болду. Беттеш эртең кечки саат 18:00дө борбордогу спорттук ареналардын биринде өтөт.

Айыгышкан беттеште 21 жуп спортчу рейтинг үчүн чыкса, Өзбекстандын белгилүү мушкери Мурод Хантураев менен украиналык Игорь Задерновский чемпиондук наам үчүн салгылашат.

WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев эртең боло турчу турнир тууралуу буларга токтолду.

© Фото / федерация WEFӨзбекстандык мушкер Сулайман Юллашев жана кыргызстандык Абылкасым Якубов
Өзбекстандык мушкер Сулайман Юллашев жана кыргызстандык Абылкасым Якубов - Sputnik Кыргызстан
1/5
Өзбекстандык мушкер Сулайман Юллашев жана кыргызстандык Абылкасым Якубов
© Фото / федерация WEF"Азия аюсу" каймана аты менен белгилүү өзбекстандык мушкер Мурод Хантураев жана украиналык Игорь Задерновский
Азия аюсу каймана аты менен белгилүү өзбекстандык мушкер Мурод Хантураев жана украиналык Игорь Задерновский - Sputnik Кыргызстан
2/5
"Азия аюсу" каймана аты менен белгилүү өзбекстандык мушкер Мурод Хантураев жана украиналык Игорь Задерновский
© Фото / федерация WEFКыргызстандык мушкер Наркул уулу Алибек жана өзбекстандык Ихтиер Мамадалиев
Кыргызстандык мушкер Наркул уулу Алибек жана өзбекстандык Ихтиер Мамадалиев - Sputnik Кыргызстан
3/5
Кыргызстандык мушкер Наркул уулу Алибек жана өзбекстандык Ихтиер Мамадалиев
© Фото / федерация WEFӨзбекстандык мушкер Асилбек Иномов жана Сагынбек Макамов
Өзбекстандык мушкер Асилбек Иномов жана Сагынбек Макамов - Sputnik Кыргызстан
4/5
Өзбекстандык мушкер Асилбек Иномов жана Сагынбек Макамов
© Фото / федерация WEFӨзбекстандык мушкер Акмал Халбаев жана кыргызстандык Музафар Касымов
Өзбекстандык мушкер Акмал Халбаев жана кыргызстандык Музафар Касымов - Sputnik Кыргызстан
5/5
Өзбекстандык мушкер Акмал Халбаев жана кыргызстандык Музафар Касымов
1/5
Өзбекстандык мушкер Сулайман Юллашев жана кыргызстандык Абылкасым Якубов
2/5
"Азия аюсу" каймана аты менен белгилүү өзбекстандык мушкер Мурод Хантураев жана украиналык Игорь Задерновский
3/5
Кыргызстандык мушкер Наркул уулу Алибек жана өзбекстандык Ихтиер Мамадалиев
4/5
Өзбекстандык мушкер Асилбек Иномов жана Сагынбек Макамов
5/5
Өзбекстандык мушкер Акмал Халбаев жана кыргызстандык Музафар Касымов

"Хантураев дагы, Задерновский дагы өз өлкөсүндө төбөсү көрүнгөн мушкерлер. Андыктан ийгилик ташы кимге оой турганы өтө кызык. Хантураев былтыр Ош шаарында чемпион аталган, быйыл наамын коргоо үчүн чыгып жатат. Эгер утулуп калса наамы автоматтык түрдө атаандашына ыйгарылат", — деди Кыдырмышев.

Федерация жетекчиси ошондой эле турнирде рейтинг үчүн чыккан мушкерлердин жыйынтыгы эл аралык Sherdog порталына каттала турганын кошумчалады.

ММА балбандары беттеш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
WEF: жакында Борбор Азиянын күчтүү мушкерлери сегиз бурчтукта жолугушат
Эмне үчүн "Ак аюу" менен "Азия аюсу" сегиз бурчтукта жолукпай келет?

Спорт сүйүүчүлөр арасында көп убакыттан бери оор салмактагы "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиевдин "Азия аюусу" каймана аты менен атагы чыккан өзбекстандык мушкер Мурод Хантураевди сегиз бурчтукта жолугуштурууга кызыгып келишкен. Бирок беттеш ушул убакка чейин ишке ашпай келет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы салмакка түшүү аземи учурунда бүйүр кызыткан суроолорго спортчурлардын өз оозунан жооп алды.

Алгач оор салмактагы өзбекстандык мушкер Хантураевди сөзгө тарканыбызда Мамасалиев менен беттешке чыгууну каалабай тургандыгын айтты. Себеп катары экөөнүн ортосундагы достук мамилени атады.

"Мен Мыктыбекти көптөн бери эле тааныйм. Көпчүлүк экөөбүздүн ортобуздагы беттешти күтүп жүргөнүн деле билем. Бирок Мыктыбек менин досум, достор кантип урушмак эле?" — деди Хантураев.

Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
Ал эми Мыктыбек Мамасалиев мушкер Хантураев менен жакындан таанышып, дос болгонуна эки айдын жүзү болгонун айтып, буга чейин ал тууралуу жакшы пикирлерди угуп жүргөндүгүн кошумчалады. 

"Мурод жакында эле бизде өткөн WEF— Global турниринде казакстандык мушкерди утуп алды. Мен анда беттешти көргөнү баргам. Ошондо жеңиши менен куттуктап, кол алышканбыз. Биз спортто атаандаш эмес, дос бойдон калууну чечтик", — деди Мамасалиев.

WEF федерациясынын президенти Кыдырмышев мындай көрүнүштү эки спортчунун ортосундагы бекем ынтымак, бири-бирине болгон терең урматтоо катары сыпаттады.

"Бизге спорт сүйүүчүлөр башынан эле эки өлкөнүн мушкерин беттешке чыгаргыла деген сунуштарын тынбай киргизип келишкен. Булар абдан күчтүү спортчулар, ар биринин Орто Азияда аты бар. Эгерде спортчулар бир чечимге келген болсо, биз деле алардын оюн колдойбуз", — деди Кыдырмышев.

WEF жетекчиси ошондой эле аталган окуя мындан кийин Хантураев кыргыз мушкерлери менен урушпайт дегенди билдирбей турганын айтып, турнирдин кийинки серияларында Хантураев менен кыргызстандык мушкерлердин ортосунда беттештер боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0