ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков
Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 жаштагы Тилек Жээнбековдун башка мушкерлерден айырмасы эң оор салмактагы спортчулардын катарын толуктайт. Бою 1,97 сантиметр, салмагы 115 килограммды түзөт. Fighter KG клубунун мүчөсү. Машыктыруучулары — Кенжебек Чекиров жана Акжол Ажибеков.
Жээнбеков: UFC уюмунун мушкерлери менен машыгуу өткөрүп келдим

Жээнбеков Панкратион оюндары, самбо боюнча Евразиянын, грэпплинг боюнча Азиянын чемпиону. Жеке кармаштар боюнча Кыргызстандын жана бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Мушкер Тилек Жээнбеков менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова маектешти. 

— Социалдык тармактагы баракчаңызга Швецияда машыгууда жүргөн учурдагы сүрөттөрүңүздү жүктөп калдыңыз. Тажрыйба алмашуу кандай өттү?

— Швецияда жайгашкан All stars залында беделдүү делген UFC уюмунун учурдагы мушкерлери машыгат. Ошондой спортчулар менен чогуу машыгуу сыймык жана жаңы тажрыйба. Ал эми Швеция мамлекети тууралуу айта турган болсом, элдин спортко болгон ынтызар мамилесин байкадым. Таң эрте жаш-кары дебей көнүгүүлөрдү жасап, велосипед тээп, спорт менен машыккан эле кишилер. Шаарынын, суусунун тазалыгына баа бердим.

— Биздин спортчулар башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Спортчу Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум
— Мен он жылдан бери ар кандай спорттук беттештерде күч сынашып келе жатам. Байкашымча бизде курч мүнөз, эрк, жүрөктө жалын бар. Бирок, мүнөзгө эле басым жасабай спорттун жаңы техникаларын өздөштүрүп, ыкмаларды үйрөнүү керек. Себеби спорт бир жерде турбайт. Экинчиден бизде спорт менен алектенүүгө шарт жок. Эгерде жакшы колдоо, шарт болсо спортчуларыбыздын дүйнөлүк аренага чыгууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

— ММА азырынча олимпиадалык спорттун түрүнө кире элек. Ушуга байланыштуу дагы мамлекеттен жардам көрсөтүлбөй келет. Машыгууларга кеткен каражатты кайдан аласыздар?

— Жеке каражатым менен барып жатам. Бул спорттун түрүн өзүм тандагам. Демек жоопкерчилиги да өзүмдө болушу керек. Негизги максатым биринчи кезекте өлкөнүн желегин желбиретүү жана жаш муундарга туура тарбия берип, спортко үндөө. 

© Sputnik / Эламан КарымшаковММА мушкери Тилек Жээнбеков: мен он жылдан бери ар кандай спорттук беттештерде күч сынашып келе жатам. Байкашымча бизде курч мүнөз, эрк, жүрөктө жалын бар
Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Тилек Жээнбеков: мен он жылдан бери ар кандай спорттук беттештерде күч сынашып келе жатам. Байкашымча бизде курч мүнөз, эрк, жүрөктө жалын бар

— Спорттон тышкары каржы булагыңыз барбы? Эмне менен алектенесиз?

— Уруксат болсо айтпай эле коеюн. Бирок мамлекеттик кызматта иштебейм. Көп убактымды спорт менен өткөрөм.

— Спортту дени сак жашоо дейбиз, бирок эрежесиз урушта аеосуз учурларды көрүүгө болот. Спортко жан үрөгөн болочок спортчуларды мындай көрүнүш менен тарбиялай алабызбы?

— Сиз айткан сөз бир четинен туура. Кээде далдуу жерге катуу соккулар тиет. Ошондой учурга туш келбеш үчүн атайын даярдыктан өтөбүз. Спорттун бардык түрүндө коргонуу маанилүү.

Региондогу балдар тууралуу айта турган болсом, спортко жөндөмдүү, шыктуу балдар абдан көп. Шарттын жоктугунан өздөрүн көрсөтө албай калып жатышат. ММА — бул спорт. Спорт деле жашоо сыяктуу. Бирде утасың, бирде утуласың. Күчтүү, чыдамкай болгонду үйрөнөсүң. Тарбия тууралуу суроо бердиңиз, аны биринчи кезекте ата-эне, экинчиден машыктыруучу караш керек деп ойлойм. Менин машыктыруучум Кенжебек Чекиров "алгач ыймандын чемпиону болгула" деп айтат.

— Негизи эрежесиз уруштун деле эрежелери бар да?

— Маселен дүйнөлүк стандарт боюнча көздү чукуганга, тиштегенге, аялуу жерге, кара кушка урганга болбойт. Ар бир спорттук уюмдун өзүнчө эрежелери дагы бар.

— Өзүңүз спортко канча убакыттан бери аралашып келе жатасыз?

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
— Мен Талас облусундагы Талас районуна караштуу Чат-Базар деген айылда чоңойгом. Бизде ал убакта бокс, күрөш сыяктуу спорттун түрү менен машыгууга шарт болгон эмес. Мектепте окуп жүргөндө волейбол, баскетбол, футболду көп ойнодум. 2006-жылы шаарга окууга тапшырганы келгенде кикбокска бара баштадым. Кийин Кенжебек Чекиров агайдын колунда тарбияландым. Учурда жеке кармаштар боюнча өлкөнүн жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсүмүн. Бир канча спорттун түрү боюнча чебер аталгам.

— Айрым чемпион балдарды карап спортчу экендигине деле ишенбейсиң. Анткени көбү жеңил салмакта чыгат эмеспи. Сиздин спортчу экениңизди дароо эле билишсе керек?

— "Сиз спортчусузбу" деген сөздү көп угам. Анан өзүм үчүн машыгам деп коем. Кызыккандар болсо интернеттен карап билип алат. "Сыртыңан сүрдүү көрүнөсүң" деп да айтышат. Көп учурда балдар мага сүйлөгөндөн коркуп, кийин жакындан таанышканда "ак көңүл, шайыр адам экенсиз" дегендерин уккам. Сөөктүү адамдар менин тай жагымда бар.

© Фото / Сейтек Толтоев Тилек Жээнбеков: үйлөнгөнүмө бешинчи жыл болуп баратат. Жубайым Алина экөөбүздүн ортобузда Рамзан аттуу уулубуз бар.
Тилек Жээнбеков: үйлөнгөнүмө бешинчи жыл болуп баратат. Жубайым Алина экөөбүздүн ортобузда Рамзан аттуу уулубуз бар. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тилек Жээнбеков: үйлөнгөнүмө бешинчи жыл болуп баратат. Жубайым Алина экөөбүздүн ортобузда Рамзан аттуу уулубуз бар.
© Фото / Сейтек ТолтоевТилек Жээнбеков: кудай буюрса экинчисин күтүп жатабыз. Ата-энем, келинчегим спорттогу жашоомду колдоп, дем-күч берип турушат.
Тилек Жээнбеков: кудай буюрса экинчисин күтүп жатабыз. Ата-энем, келинчегим спорттогу жашоомду колдоп, дем-күч берип турушат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тилек Жээнбеков: кудай буюрса экинчисин күтүп жатабыз. Ата-энем, келинчегим спорттогу жашоомду колдоп, дем-күч берип турушат.
1/2
Тилек Жээнбеков: үйлөнгөнүмө бешинчи жыл болуп баратат. Жубайым Алина экөөбүздүн ортобузда Рамзан аттуу уулубуз бар.
2/2
Тилек Жээнбеков: кудай буюрса экинчисин күтүп жатабыз. Ата-энем, келинчегим спорттогу жашоомду колдоп, дем-күч берип турушат.

— Беттештин "даамын" оор салмактагылардын тирешүүсү чыгарат дешет?

— Аралаш мушташта 93 килограммдан өйдө оор салмак болуп эсептелинет. Бардык эле спорттун түрүндө оор салмактагылардын беттешин чыдамсыздык менен күтүшөт. Ошол үчүн чоңдордун беттеши аягында болот. 

— Бирок атаандаш табуу кыйын дешет?

Турнир по кулатуу-эртаймаш по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
Таамай соккудан сулай жыгылган мушкерлер. WEF турниринен алынган ирмемдер
— Азыр атаандаш табуу кыйынчылыгы менин да башыман өтүп жатат. Салмагым 115 килограмм, боюм 197 сантиметр. Эреже боюнча спортчулардын дене түзүлүшү бири-бирине туура келиши керек.

2016-жылы бир дагы беттеш өткөрбөй калдым. Белгилүү спорттук уюм менен беш беттеш өткөрүү үчүн келишим түзүп, айрым себептер менен орундалбай калды. Ал ортодо башка жактан да сунуш түшүп, ал жак менен келишим түзүп алгандыгыма байланыштуу баш тартканга туура келди. Ошентип тигинден дагы, мындан дагы жок отуруп калдым. Буюрса быйыл жыл жаңырганга чейин эки беттеш өткөрүп алсамбы деген планым бар.

— Спорт сүйүүчүлөрү сизди жана Мыктыбек Мамасалиевди өзбекстандык белгилүү мушкер Мурод Хантураев менен беттештирүүгө кызыгып келишет. Бул боюнча эмне айта аласыз?

— Хантураев Орто Азиядагы оор салмактагы белгилүү мушкерлердин бири. Ал жигиттин бою менден жапыз, бирок салмагыбыз бир. Биз ага беттеш өткөрөлү деп үч жолу сунуш кылганбыз. Тилекке каршы, ал макулдугун берген жок. Акыркы жолу Бишкекте жүргөндө менеджерибиз аракет кылып жооп ала албай койду. Макулдугун берсе жакшы болот эле, Орто Азиядагы оор салмактагы мушкерлердин арасында ким биринчи экенин көрсөтөт элек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТилек Жээнбеков: менин машыктыруучум Кенжебек Чекиров "алгач ыймандын чемпиону болгула" деп айтат
Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Тилек Жээнбеков: менин машыктыруучум Кенжебек Чекиров "алгач ыймандын чемпиону болгула" деп айтат

— Айрым учурда спортчу экениңизди билгизип койгон учурлар болобу?

— Мен, тескерисинче, айтпаганга аракет кылам. Эгерде үй-бүлөмө байланышкан коркунуч болсо башка кеп. Анда деле чектен чыгып кетпейбиз.

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
— Үй-бүлөңүз, жеке жашооңуз тууралуу айта кетсеңиз?

— Атамдын аты Жээнбек, апамдыкы Жаңыл. Ата-энем менен борбордо чогуу турабыз. Эки бир туугандын улуусумун. Менден кийин Алтынай деген карындашым бар. Үйлөнгөнүмө бешинчи жыл болуп баратат. Жубайым Алина экөөбүздүн ортобузда Рамзан аттуу уулубуз бар. Кудай буюрса, экинчисин күтүп жатабыз. Ата-энем, келинчегим спорттогу жашоомду колдоп, дем-күч берип турушат.

— Алдыдагы пландар тууралуу бөлүшө кетсеңиз?

— Кудай буюрса 4-ноябрда Молдавиядагы эл аралык турнирде жергиликтүү спортчу менен кеченин башкы беттешин өткөрөм. Көбүрөөк убакытты машыгууга арнап, кыргыз элиме кубаныч алып келейин деген тилегим бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0