Дзюдо: кыргызстандык балбан дүйнөлүк ачык чемпионатта ат салышат

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Дзюдо. Весовая категория от 100 кг
Олимпиада 2016. Дзюдо. Весовая категория от 100 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук мелдеште 27 мамлекеттен келген 61 спортчу күч сынашат

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Юрий Краковецкий Марракеш (Марокко) шаарында өтө турган дзюдо боюнча дүйнөлүк ачык чемпионатка катышат. Бул тууралуу Дзюдо боюнча эл аралык федерация билдирди.

Участник Олимпиады-2016, кыргызстанский дзюдоист Юрий Краковецкий - Sputnik Кыргызстан
Ташкенттеги мелдеште кыргызстандык Юрий Краковецкий күмүш медаль тагынды
Ага ылайык, мелдеш 11-12-ноябрга белгиленген.

Краковецкий оор салмак (100 килограммдан жогору) категориясы боюнча 2016-жылы Бразилияда өткөн Олимпиадалык оюндарда өлкө намысын коргогон.

Марракеш шаарында боло турчу спорттук мелдеште 27 мамлекеттен келген 61 спортчу күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0