Сочи: кыргызстандыктар панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль утту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкерлер негизинен Италия, Түркия жана башка мамлекеттерден келген спортчулар менен мушташкан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында алты медаль утканын "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мелдеш 25-30-октябрда өтүп, 22 мамлекеттен келген 300дөн ашык спортчунун башын бириктирген.

Кыргызстандык спортчулар бир алтын, эки күмүш жана үч коло байге утушкан. Алар:

1. Алымбек Темиров — алтын, 75 кг., 19 жаш

2. Ураим Уулу Жаныш — күмүш, 66 кг., 18 жаш

3. Камбарали Раимбаев — күмүш, 60 кг., 20 жаш

4. Азамат уулу Арсений — коло, 66 кг., 19 жаш

5. Баяман Маматалиев — коло, 66кг., 17 жаш

6. Анарбек Уулу Чынгыз — коло, 66 кг., 20 жаш

Кыргызстандык мушкерлер негизинен Италия, Түркия жана башка мамлекеттерден келген спортчулар менен мушташкан.

Панкратион боюнча кийинки чемпионат өткөрүүнү Белоруссияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0