JFC боюнча таймаш. Архивдик сүрөт

Бишкекте үчүнчү ирет ММА боюнча JFC чемпионаты өтөт

517
(жаңыланган 23:03 04.11.2017)
Таймаштын алкагында жалпысынан 12 беттеш өтөт

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Jash Kuch Fighting Championship (JFC) промоутердик компаниясы аралаш мушташ боюнча эл аралык үчүнчү турнирин баштайт. Бул тууралуу "Жаш күч" клубунун башкы машыктыруучусу, президенти Айбек Мусаев билдирди.

Беттеш 9-декабрда борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 18:00дө башталат.

Жалпысынан 12 беттеш өткөрүлүп, кеченин башкы таймашына Мыктыбек Мамасалиев чемпионук кур үчүн ат салышат. Уюштуруучулар азырынча анын атаандашы айтылбай турганын айтышты.

Аталган турнирде Кыргызстандын белгилүү мушкерлери Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия, Украинанын беделдүү спортчулары менен намыс талашат.

Эске сала кетсек, "Жаш-Күч" спорт клубу союз убагында Кызыл-Кыя шаарында ачылган. Ал кезде спорттун бир нече түрү боюнча ийримдер болгон. СССР жоюлгандан кийин спорт комплекс кароосуз калып, көпчүлүк секциялар жоюлуп, бир гана бокс калган. 1996-жылдан тарта панкратион популярдуу болуп, атаган клубдун спортчулары эрежесиз уруш боюнча машыгууларды өткөрүп турушкан. Алгачкы муун Замирбек Сыргабаев, Равшан Ашимов, Дүйшөн Төрөкулов сыяктуу спортчулар ийгиликтерди багынта баштаган.

Учурда "Жаш-Күч" Кызыл-Кыя, Ноокат, Ош, Бишкек, Москва шаарында иштеп келе жатат. Президенти Айбек Мусаев 2011-жылдан тарта Россия жергесинде клубдун бир нече филиалдарын иштетип келет. ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов — ардактуу президенти. Клубдун учурдагы белгилүү мушкерлери болуп Мыктыбек Мамасалиев, Данияр Бабакулов, Тилек Батыров, Жаныбек Аматов, Тилек Машрапов, Бахтияр Тойчубаев жана башкалар эсептелинет.

517
Белгилер:
спорт, Мыктыбек Мамасалиев, Айбек Мусаев
Тема боюнча
Таамай соккудан сулай жыгылган мушкерлер. WEF турниринен алынган ирмемдер
Мушкер кыз атаандашын өөп жиберип, жаакка бир жеди. Видео
Кыргызстандык мушкерлер MMA боюнча дүйнө чемпионатында күч сынашат
Ночной забег. Архивное фото

Түнкү марафондун жыйынтыгы чыгарылды. Тизме

73
(жаңыланган 18:05 20.06.2021)
Спорттук иш-чара кечээ, 19-июнда, Бишкектеги Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө болуп, аны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Борбор калаада өткөн Toyboss Night Run 2021 түнкү марафондун жыйынтыгы чыгарылды.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара кечээ, 19-июнда, Бишкектеги Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө өткөн. Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган. Ордо калаада мындай жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Башында 2000дей кишинин чуркай турганы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500дөй адамга кыскарган.

21 чакырымга чуркагандардын ичинен алдыңкы келген беш киши:

  • Евгения Прокофьева (1 саат 13 мүнөт 37 секунд);
  • Александр Салахидинов (1 саат 13 мүнөт 55 секунд);
  • Аман Момуналиев (1 саат 14 мүнөт 3 секунд);
  • Кайнар Камалов (1 саат 15 мүнөт 57 секунд);
  • Алик Бекбасар уулу (1 саат 16 мүнөт 48 секунд).

10 чакырымга чуркагандардын ичинен алдыңкы келген беш киши:

  • Марат Дастан уулу (37 мүнөт 50 секунд);
  • Дастан Ташыбеков (38 мүнөт 23 секунд);
  • Ырыскелди Акеров (38 мүнөт 40 секунд)
  • Бакыт Момуналиев (38 мүнөт 42 секунд);
  • Алымбек Керимбеков (38 мүнөт 59 секунд).

5 чакырымга чуркагандардын ичинен алдыңкы келген беш киши:

  • Антон Егоров (19 мүнөт 10 секунд);
  • Илияз Чокоев (19 мүнөт 14 секунд);
  • Тимур Кенжеков (19 мүнөт 18 секунд);
  • Бактияр Ганиев (20 мүнөт 12 секунд);
  • Кутман Мамбетов (20 мүнөт 37 секунд).

Мелдеш учурунда күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылган чартылдаган. Бирок аба ырайы катышуучуларга жолтоо боло алган эмес

73
Белгилер:
жыйынтык, марафон, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу

Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео

231
(жаңыланган 01:16 20.06.2021)
Бүгүн спорт ышкыбоздору үчүн чоң майрам болду. Борбор калаада жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы өтүп, көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Жарыш 5, 10 жана 21,1 чакырымдык үч дистанцияда өттү. Кечки саат 9да башталган иш-чараны эң узак аралыкка чуркоочулар баштап берди. Жаңырган музыка, жолду бойлой суу, банан сунуштап турган уюштуруучулар жөө күлүктөргө дем берип, колдоо көрсөтүп жатышты.

Күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылгандын чартылдашы да катышуучуларга жолтоо боло алган жок.

Милиция кызматкерлери жол кыймылын тескеп турса, жөө күлүктөрдүн саламаттыгына кооптуулук жаралып калса деп тез жардам унаасы да нөөмөттө болду.

Марага келген ар бир катышуучу медаль тагынды.

231
Белгилер:
Бишкек, жөө күлүк, жарыш
Тема боюнча
Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы