АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Кыргызстандын гимни жаңырды. Бул мелдештен кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу алтын медаль багындырды

Балбан Саматтын жеңиши. АКШда кыргыз гимни жаңырып, туусу бийик көтөрүлдү

1112
(жаңыланган 17:00 06.11.2017)
Кыргызстандык балбан АКШнын эки, Түштүк Кореянын бир спортчусун утуп баш байгени багындырды

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Кыргызстандын гимни жаңырды. Бул мелдештен кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу алтын медаль багындырды.

Аталган мелдеш 1-4-ноябрь күндөрү Дейва Шульцанын жаркын элесине арналып өткөрүлгөнүн АКШнын Олимпиада курама командасынын TeamUSA спорт порталы маалымды.

Турнирде АКШ, Европа жана КМШнын бир катар өлкөлөрүнөн барган балбанбар күч сынашкан.

Кыргызстандын атынан Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Самат Надырбек уулу 57 килограмм салмак категориясы боюнча катышкан.

Биринчи айлампада Надырбек уулу АКШлык Эдди Климараны жеңип жарым финалга чыккан. Андан кийин Түштүк Кореядан келген Донг Кил Чояны таза жеңиш менен багындырып финалга жолдомо алган. Алтын үчүн таймашууда кайра дагы АКШнын Тим Ламберт аттуу балбаны менен кез келип 12:2 эсебинде жеңишти камсыздаган.

Самат Надырбек уулу азыркы учурда АКШнын Пенсильвания штатынын Питсбург шаарындагы Питт университетинде машыгып, машыктыруучу дагы болуп иштейт.

1112
Белгилер:
АКШ, мушкер, гимн, баш байге
Тема боюнча
Лондондогу ММА турнири: Антонина Шевченко жеңишке жетсе, Физиев утулуп калды
Сочи: кыргызстандыктар панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль утту
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив

Акжол, Мээрим, Үзүр. Кыргызстандык балбандардын алгачкы атаандаштары аныкталды

93
(жаңыланган 13:04 01.08.2021)
Бүгүн кыргызстандык балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча 2-августта килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Акжол Махмудов Тунистин балбаны Ламджед Маафи менен кармашат.

68 килограмм салмак категориясы боюнча Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христова менен күрөшөт. Анын атаандашы 28 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.

97 килограмм салмак категориясы боюнча Үзүр Жузупбеков армениялык Артур Алексанян менен беттешет. Ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2016-жылкы Олимпиаданын чемпиону.

93
Белгилер:
Олимпиада-2020, күрөш, балбан, чучу кулак
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада 6-орунду ээледи. Видео
Шашып кетти. Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыга албай калды
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архивное фото

Көтөрүп чапты! Айпери Медет кызынын олимпиада чемпионун жеңген видеосу

1002
Кармашта Айпери Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк берген эмес. Алгач буттан чалып килемге жыкса, экинчисинде белден кармап кулаткан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн, 1-августта, кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиаданын чейрек финалында россиялык Наталья Воробьеваны утуп, жарым финалга чыкты.

Мелдештин видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, кыргызстандык балбан россиялык атаандашын буттан алып, килемге көтөрүп чапкан. 76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда олимпиада чемпионуна мүмкүнчүлүк бербей, аны 12:0 эсебинде утту.

Буга чейин ал 6:1 эсебинде казакстандык каршылашын жеңген. Жарым финалда Медет кызы дүйнөнүн беш жолку чемпиону, америкалык Аделина Мария Грей менен кармашат.

1002
Белгилер:
Айпери Медет кызы, күрөш, видео
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бали! Айпери Медет кызы олимпиада чемпионун утуп, жарым финалга чыкты
Шашып кетти. Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыга албай калды
Мамбетов Алмаз Ишенбекович

Мамбетов Алмаз Ишенбекович өмүр баяны

0
Алмаз Мамбетов 1976-жылдын 15-мартында борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.

Билими:

  • 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. Кийин КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинен билим алган.

Эмгек жолу:

  • 2000-2002 — Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт;
  • 2002-2003 — Туризм менен спорт боюнча мамлекеттик комитетте байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004-2007 — Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;
  • 2008-2010 — "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында алгач адис, кийинчерээк башкы адис;
  • 2011 — Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2011-2014 — "Транс-Кыргызгаз Паплайн" компаниясынын филиалында PR-адис;
  • 2014 -2019 — Балыкчы шаарынын мэри;
  • 2019-2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  • 2020-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгынын башчысы.
0
Белгилер:
Алмаз Мамбетов, Өмүр баяны, билим, таржымал
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине төрага болгон Кубанычбек Конгантиевдин өмүр баяны