Макао менен болгон оюнда КР курама командасында кимдер ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар машыгуу учурунда. Архив
Футболчулар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн 14-ноябрда Makau Olimpic Stadium стадионунда өтөт

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Макаого каршы ойной турчу оюнчулардын тизмесин аныктады. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Азия чемпионатына катышуу үчүн беш өлкөнүн оюнчулары беттешет
Азия Чемпионаты — 2019 оюндарынын тандоо турунун алкагында боло турчу беттеш 14-ноябрда Makau Olimpic Stadium стадионунда өтөт.

Өлкө намысын коргой турчу оюнчулардын тизмеси:

Дарбазачылар:

Павел Матяш (клубу жок), Валерий Кашуба ("Дордой" футбол клубу), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата" футбол клубу).

Коргоочулар:

Азамат Байматов ("Сохар" футбол клубу, Оман), Тамирлан Козубаев, Авазбек Откеев, Курсанбек Шератов (бардыгы "Дордой" футбол клубунан), Аман Маныбеков ("Абдыш-Ата" футбол клубу), Ильяз Алимов ("Алай" футбол клубу), Виктор Майер ("Виденбрюк" футбол клубу, Германия), Аскарбек Салиев ("Алга" футбол клубу).

Жарым коргоочулар:

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
I wait Pele! Атамбаев бразилиялык машыктыруучуларга кайрылды
Бактияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата" футбол клубу), Фархат Мусабеков ("Алмалык" футбол клубу, Өзбекстан), Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (бардыгы "Дордой" футбол клубунан), Муролимжон Ахмедов ("Алай" футбол клубу), Антон Землянухин (клубу жок), Эдгар Бернхардт ("Сталь Мелец" футбол клубу, Польша).

Чабуулчулар:

Мирлан Мурзаев ("Серик Беледиеспор" футбол клубу, Түркия), Виталий Люкс ("Унтерхахинг" футбол клубу, Германия).

Төрт оюндун жыйынтыгы менен 12 упай менен Индия тайпада алдыга чыкты. Мьянма менен Кыргызстандыкы төрт упайдан, алар дагы оюн көрсөтүшөт. Макао бардык беттештерде утулуп, тизмеде төртүнчү турат. Кыргызстандын улуттук курамасынын финалга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал жакка ар бир тайпадагы эң күчтүү эки команда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0