Кыргызстандын футболчулары Макао менен беттеш алдында башка өлкөгө барып машыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын футболчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын курама командасынын футболчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгууларды Малайзияда өткөрүү федерациянын чечими болгон

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команда Макао менен беттешинин алдындагы машыгуусун Малайзиядан өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Азия чемпионаты — 2019 турниринин тандоо турунун алкагындагы эки өлкөнүн беттеши 14-ноябрь күнү Макаодо өтөт.

Машыгууларды Малайзияда өткөрүү федерациянын чечими болгон. Футболчулар 6-ноябрда жөнөп кетишет.

"Кыргызстанда азыр суук болуп калды. Ал эми Макаодо күн ысык. Мындан улам көнүү үчүн бирдей климаттагы жерди издөө керек болгон", — деп билдирди федерациянын маалымат кызматы.

Футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Азия чемпионатына катышуу үчүн беш өлкөнүн оюнчулары беттешет
Буга чейин башкы машыктыруучу Александр Крестинин Макао командасына каршы туруучу оюнчулардын тизмесин жарыялаган. Төрт оюндун жыйынтыгында Индия 12 упай топтоп алдыда келе жатат. Ал эми Мьянма менен Кыргызстандын командалары төрттөн упай чогулткан. Учурда Макао бардык оюндардан жеңилүү ызасын тартып төртүнчү орунда турат. Кыргызстандын финалга чыгүү мүмкүнчүлүгү бар. Анда эки тайпадан озуп чыккан командалар күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0